Памирдеги этникалык кыргыздар жок болуп кетүү коркунучунда турат

Памирдеги этникалык кыргыздар жок болуп кетүү коркунучунда турат

Убагында Памирдеги кыргыздардын саны 20-30 миңге чыкса, учурда эки жакта биригип 1400-1500 миңдин тегерегинде адам жашайт.

 

Кыргызстан эгемендикти алгандан бери ар кандай шарттардан улам коңшу мамлекеттерде отурукташып калган этникалык кыргыздар өлкөгө көчүп келе баштады. Алар боюнча өлкөдө атайын мыйзам кабыл алынып, анда өз мекенине кайтып келген этникалык кыргыздарды республиканын аймагына жайгаштыруу, ишке орноштуруу, жер менен камсыз кылуу жана социалдык маселелерди чечип берүү сыяктуу бардык тармактар камтылган.

 

 

"Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынан депутат Мирлан Бакировдун айтымында, тилекке каршы учурда этникалык кыргыздарга байланыштуу мыйзамда каралган бардык беренелер толук кандуу аткарылбай келет. Маселен, ар бир район же айыл өкмөт этникалык кыргыздарды жер менен 70-80 пайызга дагы камсыз кыла албайт.

 

"Этникалык кыргыздардын көйгөйлүү маселелери толтура. Жалпы коомдун негизги көйгөйлөрү кандай болсо, алардыкы андан дагы көбүрөөк. Себеби алар толук кандуу мүмкүнчүлүккө ээ эмес",- дейт депутат.

 

Эл өкүлүнүн айтымында ал эки жыл катары менен тактап айтканда, 2013-2014-жылдары мамлекеттик деңгээлде уюштурулган экспедициялык топту жетектеп, Улуу жана Кичи Памирге барып ал жакта отурукташкан кыргыздардын абалы, жашоо-шарты менен таанышып келген.

 

"Ал жердеги биздин боордоштор, шарты өтө оор, деңиз деңгээлинен 4-4,5 миң метр бийиктикте жашашат. 9 ай бою кыш. Эне-баланы өлүмү күч алган. Мына ошондой оор шартта жашаган кыргыздардын жашоо шартын жеринде көрүп, жон-терибиз менен сезип, гуманитардык, моралдык, медициналык жардан көрсөтүп келип жаттык. 2015-жылы дагы экспедицияны улантуу максатында мамлекеттик бюджеттен 10 млн сом каралган. Ал каражат экспедиция уюштурууга гана эмес, Улуу жана Кичи Памирдеги кыргыздардын балдарын Кыргызстанга алып келип, окутуп, кайра жиберүү максатында бөлүнгөн. Тилекке каршы жумуш аягына чыккан жок. Быйыл экспедиция уюштурулган жок. Ага коопсуздук, Ооганстандагы кырдаал себеп болду деген шылтоолор айтылууда. Жыл сайын эле ушундай кооптонуу маселеси коюлуп келген. Бирок ага карабастан Тажикстан аркылуу, алардын күч органдары менен биргеликте аракет кылып барып келчүбүз. Учурда кыш келди, жер титирөө болду. Өткөндө Жогорку Кеңеште маселени көтөрдүм. Бирок өкмөт тараптан эч кандай реакция болгон жок. Жок дегенде жүктү алып бара албасак дагы Ооганстан же Тажикстан аркылуу өкмөттүк деңгээлде сүйлөшүү жүргүзүп, жардам бергенге аракет кылышыбыз керек болчу",- дейт эл өкүлү.

 

Pamir kg jok korkunuch 2Депутат убагында Улуу жана Кичи Памирдеги кыргыздардын саны 20-30 миңге чыкса, учурда алардын саны күн-санап азайып бара жаткандыгын айтып кооптонууда. Анын айтымында, учурда эки жакта биригип 1400-1500 миңдин тегерегинде адам жашайт. Бул аймакта отурукташкан боордоштордун арасында өз мекенине кайтып келүүнү каалагандар арбын. Ошондой болсо дагы отурукташып калган жерин таштап кетүүнү каалабагандар дагы жок эмес.

 

"Алар жок болуп кетүү коркунучунда турат. Андыктан өкмөт буга карата чара көрүп, жок дегенде көчмө медициналык пункттарды уюштуруп, жол маселесин чечип берүүгө аракет кылыш керек. Качан гана биз бул маселени көтөрүп чыккан соң, Ооган тараптан дагы аракет кыла баштады. Албетте, кыргыз өкмөтү этникалык кыргыздар боюнча эч кандай иш алып барган жок дегенден алысмын, мыйзамга ылайык аракет кылып жатышат. Бирок иш жетиштүү деңгээлде жүрүп жатат деп айта албайм. Маселен, ошол эле Ооганстандагы Улуу жана Кичи Памирдеги кыргыздар боюнча иш быйыл аткарылган жок. Жалпысынан иш жетишээрлик эмес",- дейт Бакиров.

 

Pamir kg jok korkunuch 3Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында, учурда Кыргызстанда 50 миң этникалык кыргыздар жашайт. Алардын арасында 41 миңи жарандык алып, Кыргызстандык болуп калган. 9 миң этникалык кыргыз "Кайрылман" статусуна ээ болушкан. Алардын арасында жылда мамлекеттик жөлөк пул алып жаткандардын саны 488 адам. Булардын ичинен 469 адамга балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү жөлөк пул берилип турат. Андан тышкары 19 киши ай сайын берилүүчү жөлөк пул менен камсыз болгон. Министр этникалык кыргыздарга жетиштүү деңгээлде социалдык жактан колдоо көрсөтүлбөй жатат деген пикир менен макул эмес. Анткени "Кайрылман" статусуна ээ болгон этникалык кыргыздардын бардыгы өкмөттүн жөлөк пулун алышат. Ошондой эле бардык жарандар сыяктуу эле социалдык жактан коргоого ээ.

 

"Эч кимге тоскоолдук жок. "Кайрымлман" статусун алган этникалык кыргыздар бардык социалдык камсыздоого ээ. Ал жагынан көйгөй жок. Бирок жер менен бардык этникалык кыргыздар камсыз боло элек. 7 миңге жакын үй-бүлө жер ала элек. Бул маселе дагы каралууда",- дейт министр.

 

Маалыматка ылайык, коңшу мамлекеттерден көчүп келген боордошторубуздун басымдуу бөлүгү Жалал-Абад облусунда жайгашкан. Алардын саны 4 миңдин тегерегинде. Андан кийинки орунда Чүй облусу турат. Ал жакта 2 миңден ашык этникалык кыргыздар жашайт. Үчүнчү орунда Баткен облусу турат, Баткенде 1500 миң адам жайгашкан. Ал эми 50 миң этникалык кыргыздардын 80 пайызы Өзбекстандан келишкен, 15 пайызы Тажикстандан келишсе, калгандары Кытай, Россия, Ооганстандан жана башка мамлекеттен келгендер. Алардын негизги бөлүгү дыйканчылык менен күн кечирип келишет.

 

Ошондой эле министр Памирде жашаган этникалык кыргыздардын маселесине дагы токтолду. Анын айтымында, буга чейин кыргыз өкмөтү тарабынан аларды көчүрүп келүү маселеси сунушталган. Бирок алардын басымдуу бөлүгү мекенине көчүп келүүдөн баш тартышкан. Министр маалымдагандай 2016-жылы аталган аймактагы боордоштордун абалы жана жашоо-шарты менен таанышып, жардам көрсөтүү максатында экспедиция уюштуруу маселеси каралып жатат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены