Памирлик кыргыздарды көчүрүп келүүдө бир топ көйгөйлөр бар

Памирлик кыргыздарды көчүрүп келүүдө бир топ көйгөйлөр бар

Учурда Афганистандын аймагындагы кыргыздар байырлаган Улуу жана Кичи Памир айылдарындагы элди Кыргызстанга көчүрүп келүүдө бир топ көйгөйлөр бар. Эң оболу алардын түпкү мекенине келүүгө каалоосу зарыл. Андан соң ар биринин паспорту болуш керек.

 

Ошондой эле, Афганистандын уруксаты жана Тажикстандын өз аймагынан өткөрүүгө макулдугу талап кылынат. Дагы бир көйгөйлүү жагдай, памирлик кыргыздар Кыргызстанга өздөрү менен кошо мал жандыктарын да кошо алып келүүнү каалашууда.

 

Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Мирлан Бакиров бүгүн радио угуучулардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

 

“Памир аймагы Афганистан өлкөсүнө карайт. Ошондуктан эң оболу алардын макулдугу керек. Бирок Афганистан кыргыздардын түпкү мекенине көчүп кетүүсүнө кызыкдар эмес. Анткени, ал жер чек ара аймагы болгондуктан, кыргыздар мамлекеттик чек араны кайтарып турушат. Экинчиден, азыр болгону 1700 адам калган туугандарыбыздын көпчүлүгүнүн паспорттору жок. Андыктан алгач паспорт менен камсыз кылып, Тажикстандын аймагы аркылуу өтүүсүнө да уруксат алуу зарыл. Дагы бир маселе, памирликтер өздөрү менен кошо мал жандыгын да айдап келүүнү каалашууда”,- деди ал.

 

Ал эми Мамлекеттик миграция кызматынын бөлүм башчысы Айгүл Борбугул кызынын айтуусунда, памирлик кыргыздар үчүн Чоң-Алай районунан жер бөлүнгөн. Эгер тиешелүү мамлекеттер ортосундагы маселелер чечилсе эле көчүрүп келип, отурукташтырууга мүмкүнчүлүк бар.

 

Мурда маалымдалгандай, 10-февралда Кыргызстандан мамлекет тарабынан түзүлгөн атайын делегация Памир аймагындагы кыргыздарга азык-түлүк, дары-дармек, кийим-кече жана төшөнчүлөрдү жеткирип келүү үчүн жөнөп жатышат.

 

Бишкек

18-январь

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены