Кыргыздар жашаган аймактар Керегеси кең жайылган, учу-кыйыры узатасынан созулган Улуу Кытай жергесинин Шинжаң уйгур автономиялуу районунда бүгүнкү күндө 200 миң чамалуу кыргыз жашайт. Алар канча кылымды карыткан улуттук тилин, адабиятын, каада-салтын, маданиятын туу тутуп, улуттук өңүн өчүрбөй, кыргыз жүзүн сактап калуу үчүн, буга чейин да, ушу күндө да зор аракеттерди жасап келишет. Шинжаңдагы кыргыздардын негизги бөлүгү (80 пайызга жакыны)…