XX кылымда Сары-Кол өрөөнүндө Матек Кулмат уулу деген адам өткөн. Ал киши сексенден өткөн жашында бул жарык дүйнө менен коштошкон. Матек ава, ар бир сүйлөгөн сөзүндө макалдарды кошуп сүйлөп, сөзүнүн көркүн ачып турар эле. Ошондуктан бул аксакалдын ар бир айткан сөзү таасирдүү да, жагымдуу да болор эле. Сары-Кол жергесинде ал киши айткан макалдар, таамай, учкул сөздөр эл арасына сиңил, элдик…