Төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев Жайыл жана Панфилов районундорунда жашап жаткан этникалык кыргыздар менен жолугушту (сүрөт)

Төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев Жайыл жана Панфилов районундорунда жашап жаткан этникалык кыргыздар менен жолугушту (сүрөт)

Бүгүн, 17-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Кара-Балта шаарына барып, башка өлкөдөн жер которуп Жайыл жана Панфилов районундоруна олтурукташкан этникалык кыргыздар менен жолугушту.


Жолугушууга эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев, санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Жазгүл Кийизбаева жана Жайыл районунун акими Төрөгелди Түркбаев менен Панфилов районунун акими Маил Алияскаров баштаган жергиликтүү жетекчилер катышты.


Жыйында төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев ушундай эле багыттагы жолугушуу 2022-жылдын ноябрында өткөнүн эске салып: "Анда кайрылман макамын алуудагы негизги көйгөйлөр көтөрүлүп, аларды чечүүгө көмөктөшүү өтүнүчү айтылган. Айрыкча документ, жер жана социалдык көмөк алуудагы айрым мүчүлүштүктөр белгиленген. Аларды чечүү максатында жакындан иш алып баруу үчүн "Мургаб ынтымагы" кайрымдуулук фондунун жетекчиси Асылбек Атабаевди коомдук жардамчым кылып дайындагам", - деди.


Натыйжада айтылган маселелер боюнча керектүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси колдоо тапканын айткан Нурланбек Азыгалиев: "Мындан ары чет өлкөдөн жер которуп келген этникалык кыргыздарга документ берүүдө, ар биринин өз ыктыярына жараша аты-жөнүн алмаштырууга мүмкүнчүлүк түзүлдү", - деди.


Ошондой эле кайрылмандарды көчүрүп келүү, аларга документ берүү, жер жана башка социалдык кепилдиктер менен камсыздоо жараяндарын жөнөкөйлөштүрүү жаатында да жаңы мыйзам долбоору даярдалып жатканын кошумчалады.



Андан соң тийиштүү жетекчилер сөз сүйлөп, өз тармактары боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.


Жыйын суроо-жооп иретинде уланып, бир катар көйгөйлөр көтөрүлдү.


Тагыраагы "Мургаб ынтымагы" кайрымдуулук фондунун жетекчиси Асылбек Атабаев Жайыл жана Панфилов районундагы документ берүү мекемелерине кайрылмандар үчүн кошумча бөлүмдөрдү ачуу маселесин көтөрсө, ушундай эле пикирге токтолгон Курбаналы Коңкобаев аттуу жаран убактылуу каттоого туруудагы жана документ алуудагы айрым жагдайларда мисал кылды.


Андан тышкары чек арадан мыйзамсыз өтүү, аскердик кызматты өтөө, айдоочулар күбөлүктү жаңыртуу жана жер менен камсыздоо жаатындагы көйгөйлөр көтөрүлдү.


Айтылган бардык маселеге тийиштүү жетекчилер жооп беришип, алардын чечилишин мындан ары жеке көзөмөлдөрүнө алышарын билдиришти.


Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены