Матек аванын макалдары

Матек аванын макалдары

XX кылымда Сары-Кол өрөөнүндө Матек Кулмат уулу деген адам өткөн. Ал киши сексенден өткөн жашында бул жарык дүйнө менен коштошкон. Матек ава, ар бир сүйлөгөн сөзүндө макалдарды кошуп сүйлөп, сөзүнүн көркүн ачып турар эле. Ошондуктан бул аксакалдын ар бир айткан сөзү таасирдүү да, жагымдуу да болор эле.


Сары-Кол жергесинде ал киши айткан макалдар, таамай, учкул сөздөр эл арасына сиңил, элдик болуп "Матек аванын метели" деген фразеалогиялык айкаштар менен эл арасында жашап келет. Ал аксакалдын макалдарынын көпчүлүгүн, анын кызы Матекова Шаарбан бизге чогултуп берди.

 

Түбү бирге кошулат,
Учу бирге жазылат.


Кыздуу үйдө кырк ат байланат.


Кар көбөйтөр гыламык,
Ун түгөтөр буламык.


Уулу бардын, өзү бар,

Кызы бардын, изи бар.


Тогуз коргоол токчулук,

Топ ойногон жокчулук.


Сиңди келин сийдирет.


Келиндин аягынан,

Койчунун таягынан.


Токочтуу бала сүйгүнчүк.


Эчкинин өлгүсү келсе,

Койчунун таягына сүйкөнөт.


Ар кимдики өзүнө,

Ай көрүнөт көзүнө.


Кайгысы жок,

Кара сууга семирет.


Эр карыса богум,

Ат карыса согум.


Адам кулагынан,

Мал туягынан карыйт.


Кыз чоңойсо күзгүгө асылат,

Кемпир карыса таягына асылат.


Казанга жолосоң карасы жугат,

Жаманга жолосоң жаласы жугат.


Бай мактанса табылат,

Жок мактанса чабылат.


Өлсө байдын малы өлөт,

Тарт Жумабай чоорду,

Жалпакта куйрук боорду,

Биз сүрөлү доорду.


Бөдөнөнү бөлө дейт,

Татарды тага дейт.


Болбогонго болушпа.


Кемпир баккан кэргэ жарабайт.


Капка нени салсаң,

Ошону аласың.


Көкүрөктө болбосо,

Көк ийне пакыр канетсин.


Жатыны бөлөктү жамаса болбойт,

Көтөнү бөлөктү көктөсө болбойт.


Улгая, улгая уз, карый, карый каз.


Бөрү карыса бир койлук күчү бар.


Келин келгендегисин унутпайт.


Баш мээси менен,

Мал ээси менен.


Жаман катын какшыкчыл.


Мал ээсин тартпаса арам өлөт.


Бир суур суу ичсе,

Миң суурдун суусуну каныптыр.


Жарытпасты жумшаганча,

Жарый, жарый өзүң бар.


Өгүз өлдү, орток айрылды.


Кымызга бышуу, кызга кысуу.


Биринчинин мазасын,

Экинчи берсин жазасын.


Эр кордогон катындын,

Тулчулук берсин сазасын.


Атты арыганда көр,

Эрди карыганда көр.


Кыздын көзү кызылда.


Ит аягын жаламайынча тойбойт.


Сарт үйүн көргөндө чабат.


Жалгыз карга бокко тойбойт.


Билбеген жердин ой, чуңкуру көп.


Бирөөнүн элинде шаа болгончо,

Өз элиңде гадаайи бол.


Кембагалдын ашы тишке дары.


Кембагал аштык тапса да,

Баштык таппайт.


Өзү тойсода көзү тойбойт.


Долу катын ырасба,

Жыйыштырат бир паста.


Ашыккан кыз эрге жетбейт,

Этек, жеңи жерге жетбейт.


Бай мактанса бир жуттук,

Баатыр мактанса бир октук.


Балта деген жоо чыкты,

Сабы өзүбүздөн.


Кызга кызганып,

Кызыл этке жем болду.


Отту козгосо өчөт,

Коңушуну козгосо көчөт.


Бир жакшы да бир жаман ар кайда бар,

Эки жакшы биригер күн кайда бар.


Түнт мусулмандан,

Чурт каапыр артык.


Жаман туугандан,

Жакшы коңшу артык.


Башка жерди акыр заманда балее басат,

Сары-Колду санаа басат.


Сакалдуу койчу жарытпайт.


Жакшынын шарапаты тиет,

Жамандын кесепети тиет.


Балаң чоңоёрдо баласы жакшы менен жүр,

Кызың чоңоёрдо кызы жакшы менен жүр.


Жаманга жалынып кутул,

Же жарылып кутул.


Үңкүр да болсо үйүм болсун,

Аюу да болсо эрим болсун.


Таяк көгү кетет,

Сөздүн көгу кетпейт.


Жерди күз айда,

Күз айдабасаң түз айда.


Мейман атаңдан улук, алдына аш кой,

Эки колун бош кой.


Мейман мейманды каалабайт,

Үй ээси бардыгын каалабайт.


Итти каппайт дебе,

Атты тепбейт дебе.


Бирөөнүн айгырына,

Бирөө кайгырабы?


Куйөө бала балабы,

Теке жолдо калабы.


гг< жары согом билем дейт,

Биле албай жаман килеңдейт.


Бүтөр иштин башына,

Жакшы келет кашына.


Куда, карындаш карындагы аш.


Шамалымды сөкпөгүн,

Намагимди төкпөгүн.


Бээ десем, төө дейт,

Бул кара бет не дейт?


Амалы жоктун оокаты,

Ат айраны, кой гөшү.


Коюн алдырып,

Короосуна азыр болот.


Эриңе ишенгенче,

Эки босогоңо ишен.


Орто жериң ток болсо,

Эки колуң шок болот.


Тойдон кийин тон керек,

Айттан кийин аш керек.


Кийиз сатсаң кошунаңа сат,

Чекесине отурасың.


Ай короолосо айгыр минип ууга чык,

Күн короолосо күрөк алый журтка чык.


Жакшы абысыныңа барганча,

Жаман бокчоңду актар.


Чекенде отун жакбаска тобо,

Чегитир кызын албаска тобо.


Миң койчуга, бир башчы.

Көчкөндүн көсөөсү калат.


Жетиге киргенче,

Жерге башы токмок.


Кыз жаласы көп болот,

Айта келсе жок болот.


Көчтүң - өчтүң.


(Матекова Шаарбандын материалы)


Жаманга эс тарткыча,

Башыга беш тарт.


Жаман коңшу аш бербейт,

Жаман перзент баш бербейт.


Издеген адамыңды эшиктен тапсаң,

төрүнө өтпө.


Сук тойбойт,

Уста байыбайт.


0зу тойбогондун,

Кешиги кайсы болсун.


Кыз алсаң өзүңдөн пас жерден ал,

Кыз берсең, өзуңдөн эгиз жерге бер.


Өгүз баштаса, өлөңдүү сазга,

Инек баштаса, ийри жарга.


Баш тантык баласын мактайт,

Аяк тантык аялын мактайт.


Бут жүгүрүгү ашка,

Тил жүгүрүгү башка.


Мүрүсү тийбеген эшик,

Оозу тийбеген кашык жок.


Жаман катын этеги менен, казан кармайт.


Жаман катын тулчулукта озот.


Түс бириксе жол болот,

Түк бириксе тон болот.


Уйкучунун баласы “татаа” дейт,

Айылчынын баласы “опаа” дейт.


Айылга айтсаң ашат,

Короого айтсаң кошот.


Катын тойсо күлөт,

Ит тойсо үрөт.


Көп ит бириксе,

Көк ит бакыр канетсин.


Кары билгенди,

Пари билбейт.


Тууганыңдын түндүгү көрүнсө,

Кирбей кетсен кээ болот.


Бай байга куят,

Суу сайга куят.


Тардыкы тар иш,

Кеңдики кең иш.


Кембагал эрдин ками жок,

Бир айыбы малы жок.


(Казиева Ленанын чогулткан материалы)


Эки жакшы бир консо кудалашып түшөт.

Эки жаман бир консо, кубалашып түшөт.


Жангал өзүн бак ойлойот,

Чалдыбар өзүн там ойлойт.


Жакшы аялдын белгиси,

Булгары кылат терини, мырза кылат эрини.

Жаман аял белгиси, калдырак кылат терини,

Карап кылат эрини.


Куда болгуча кулу, бийиңди сураш,

Куда болгондон кийин, кулда болсо сыйлаш.


Кудагыйым келсе келсин,

Боз калтасы келбесин.


Тең теңи менен, тезек кабы менен.


Ит үрөт, ит аякка мүдүрөт.


Көргөн күнуң унутпа,

Көн чарыгын курутпа.


Өгөй эне боору сак,

Гөрдө жатып кол булгайт.


Эчки койго сын тагат,

Куйругуна кыл тагат.


Катын өлсө - камчы сап,

Кайра төшөк жаңырат.


Жебесе да май жакшы,

Бербесе да бай жакшы.


Бай келсе, бай-бабайи кошо келет.


Күлүк атым өлгөн жок,

Күнүм сага калган жок.


Тышы ай-ай, ичи бай-бай.


Этек жеңи желпилдеп,

Эки обара болбосо.


Күлүктөн күлүк чыкса дыбыр-дыбыр.

Чеченден чечен чыкса шыбыр-шыбыр.


Атам ончо кары эмес,

Атам катынга зар эмес.


Апаатыма-шапаатым.


Мындан да жаманымда тойго барганмын.


Ат пычканда болбогон,

Ит пычканда болобу.


Кыз маалымда кийбедим кызыл ыштан,

Эми кайдан кийемин кызыл ыштан.


Өлсө, өлүгү артык.


Туура бийде тууган жок,

Туугандуу бийде ыйман жок.


Кудай кулум десе,

Мухаммад умматим дейт.


Кыз маалында баары жакшы,

Жаман катын кайдан чыгат.


Куушканга кыпчылган боктой болуп.


Карыз болуп катын ал.

Карзың төлөнөт, катының аян калат.


Кудай билип, эшекке мүйүз жараткан эмес.


Пес пести караңгыда табат.


Жылга сайын үйү бар,

Үйү сайын бийи бар.


Атасы болушчаактын,

Баласы ыйлаак.


Бала ыйлабаса эмчек салбайт.


Сырыңды айтпа билбеске,

Уят кылат бир кезде.


Он күндүк жаман амалга,

Ойронум ончо семирдиң.

Ол амалдан калганда,

Отоодон сөөк кемирдиң.


Ойлочу, беш кол тең эмес,

Жакшы менен жамандын,

Даражасы тең эмес.

Адамдан адам кем эмес.


Жакшыга жанаш,

Жамандан адаш.


Атан төө мас болсо,

Тайлак менен дос болот.


Жакшы он бешинде баш,

Жаман отузунда жаш.


Ишенген төөм сен болсоң,

Кепшегенин урайын.


Жамандын бир өнөру артык.


Жээн эл болбойт,

Желпи аш болбойт.


Атасы өлгөндөн кийин,

ага издеген акмак,

Энеси өлгөндөн кийин,

тага издеген акмак.


Насыя куйруктан, нак өпкө.


Бир ит көрүп үрөт,

Бир ит көрбөй үрөт.


Зор үйдөгү күлсө,

Кичик үйдөгү ырсаят.


Ат дарбыса, эшек кошо дарбыйт.


Эрлик кылып кой союп,

Иттик кылып төш тарттың.


Союшту сойоруну сойдум,

Тогуз катты кандай жувам.


Өзүндүкү болбосо,

Бирөөнүкү аманат.


Бергенге бешөө көп көрүнөт,

Алганга алтоо аз көрүнөт.


Беинсапка кашык салсаң

беш уурттайт.


Сулууну суукта,

Жакшыны жаанда көр.


Жака жең болбойт,

Жакшыга жаман тең болбойт.


Койдон койдун неси артык,

Кол башындай эти артык.


Эрден эрдин неси артык,

Эрикпей кылган иши артык.


Балалуунун колу узарат,

Кыздуунун тону узарат.


Тандаган тазга жолугат,

Тайгылган музга жыгылат.


Ойчул ойлонгуча,

Тобокелчи үйгө жетиптир.


Ишиң калса да,

иш билгиге калсын.


Бирөөгө ор тилегиче,

өзүңө өмүр тиле.

Бирөөнүн өлүмүн тилегиче,

өзүңдүн өмүрүңдү тиле.


Жамандын жары көп,

жанына пайдасы жок.


Алтоо ала болсо,

алдындагысын алдырат,

Төртөө төп болсо,

төбөдөгүнү түшүрөт.


Кайда болсоң шондо бол,

аш ичкенде пайда бол.


Аталанын апааты,

Көмөчтүн көк жал бөрүсү.


Кары кыздын тушунда таң атпайт,

Таң атсада кеч кирбейт


Аты улук, супурасы курук.


Ит итти жумшайт,

Ит куйругун булгайт.


Алимкулдан Пиримкул,

Абзалсинбай кийин тур.


Жоктун жону катык,

молдонун жүзү жарык,

Малсыздын жүзү чарык.


Бардын малын чачам,

Жоктун абийрин ачам деген-бул өлүм


Өпкө катыгынан галгыйт.


Тил азардан, кудай безар.


Берген кудайга да жагат.


Жол азабы, гөр азабы.


Жакшыдан жаан туулат,

Жамандан бөөн туулат.


Өпкүлөсөм өбөгүм,

Өзүмдүкү жөлөгүм.


Бай кембагал болсо,

Жети жыл байлыгын койбойт.

Кембагал бай болсо,

Жети жыл кембагалдыгын койбойт.


Карганын богу дары болсо,

Карагайдын башына чычат.


Бай жаңы кийим кийсе,

Маарек болсун-дейт.

Кембагал жаңы кийим кийсе,

Кайдан таптың- дейт.


Атаңды өлтүргөнгө, энеңди бер.

Алдыңа келсе, атаңдын кунун кеч.


Сааргы аштан калба,

Кечки муштан калба.


Кызы бардын назы бар.


Айдаганы беш эчки,

Ышкырыгы таш жарат.


Жоргонун тери кургабайт,

Эркенин жашы тыйылбайт.


Жакшы атка жаман ат,

Жалы менен теңелет.

Жакшы эрге жаман эр,

Малы менен теңелет.


Ади бала адиңди бил,

Өзгөнү кой да өзүңду бил.


Келиндин аягынан,

Койчунун таягынан.


Керегем сага айтам,

Келиним сен ук.

Уугум сага айтам,

Уулум сен ук.


Менин бактым гайыптан,

Жинди болгон зайыптан.


Кел келиге келгенде,

Келинден мурун кыз туат.

Ал алыга келгенде,

Аталага тиш сынат.

Сурап ичтиң, суу ичтиң,

Тартып өттүң, жел өттуң.


Оозу кыйшык болсо да,

Байдын уулу сүйлөсүн.


Чурөк авам,

шейит өлөр түсү жок.


Өтө кызыл бат оңот,

Өпкө кызыл кеч оңот.


Сырга эжемдин тоюнда,

Эки бутум сырактап.


(Ыраң көлдүктөрдүн материалы)

Аш турган жерге,

Дарт турбайт.


Уул бала жыгылса,

Далысы топо болбойт.


Мурдуң барда, бир чимкир.


Байдан кошок, бийден кошок.


Карга угузба, көргө көргөзбө.


Зарим бар да, зорум жок.


Таз тарангыча, той таркайт.


Бай бар жерде, бай-бай бар.


Пулуң болсо, кулуң болот.


Эрдин күчү, эшектин осурагы.


Мокок бычак, кол кесет.


Жани башканын, тани башка.


Алган жары жарашса,

Кара катын ак болот.


Бегежейдин беги болгончо,

Бек чоронун кулу бол.


Катташпаган туугандан,

Амандашкан кас артык.


Өтүгүң тар болсо,

Дүнүйөнүн кеңдиги не пайда.


Амеки тууган арба дейт,

Асти үйүнө барба дейт.


Айдай чырайьңды,

Боктой кыялың бузат.


Отко айдаса, бокко качат.


Айдай чырай бергенче,

Алакандай бак берсин.


Бар барынча, жок алынча.


Бардыкы барман менен,

Жоктуку арман менен.


Жоо кеткенде,

Кылычыңды бокко чап.


Эр тагасын тартат,

ит атасын тартат.


Пахтам болсо созормун,

Бактым болсо озормун.


Тузуңду ичейин,

Туздугуңа чычайын.


Мал аксагы менен миң.


Таяр аштын тайэнеси.


Атаң өлсө өлсүн,

Атаңды көргөн өлбөсүн.


(Касымова Курбандын чогулткан материалы)


Бак-таалай өзү келбейт,

Кайрат кылып зерикпе.


Ит арстанга ырылдайт,

А бирок алы жетпесе да.


О, тагдыр, кандай сонун ыгы келсе,

Акыйкат кандай сонун чыны келсе.


Багы башыдан качкандан-адам качат.


Март адам марттыгы менен карматса,

Сараңды сары оору басат.


Сопунун тилегени - молдонун өлүмү.


Чала иштин чатагы көп болот.


Жалынмак бизден,

а жалгамак сизден.


Күлгөн өмүр ыйлайг,

Ыргалган гүл кыйрайт.


Аюу амандыкты тилейт,

А акмак жамандыкты тилейт.


Тогуз коргол ойносоң,

Токтоп ойно алды-артын сактап ойно.


Көптү көргөндөн сөз ук,

Көөнөрбөс кылып бөз току.


Тулпарды тогунда сынаба, ачында сына,

Ай-ааламдын кашында сына.

Эр жигитти эл четинде сынаба,

Канжыгада баш чегишкен,

Карыдан кан кечишкен жоо бетинде, сына.


Сыныктын жаманы кыйшык таңылганы,

Жигиттин жаманы ооздон жаңылганы.


Дос жеритип сүйлөйт,

Душман эритип сүйлөйт.


Миң өлчөп, бир кесип,

казан-аяк кур.


Таянган тооң бийик болсо,

Ыргыткан ташың ыраак түшөт.


Уятсыз дыйкан жер сирек,

Уятсыз катын эр сирек.


Айбандан түңүлсөң түңүл,

А бирок адамдан түңүлбө.


Убаданы учуп өткөн чаңдай көрбө.


Кызды сүй, мыктап сүй,

Ысыгы менен суугуна,

Азабы менен тозогуна чыдап сүй.


Оң колуңдун ачуусун,

Сол колуң менен токтот.


Жигиттин жолу улуу,

а кыздын кыл чачы улуу.


Уста менен дос болсоң,

кесибин аласың,

Ууру менен дос болсоң,

бир балееге каласың.


Жаманга жарты нан көрсөтсөң,

жата калып аңдыйт.


Аялдын амалы алтымыш эшекке жүк.


От түтүнүн ар ким көрөт,

А жүрөк түтүнүн эч ким көрбөйт.


Жакшы жолдош бейиш,

Жаман жолдош тозок.


Жоону алыстан көрсөн,

Аны жеңиш оңой.


Желегинин алдында жигиттин

чырагы кырк болот,

Бирөөсу өчсө бирөөсү

жарык берип турат


Сынган мүйүз кимдики,

Сыздаган сөөк кимдики.


Кетирбей кекти ал,

Өчүрбөй өчтү ал.


Дүйнөнү сел алса да,

Өрдөктө кайгы жок.


Үйүрүн бирге чубайсың,

Бооруң бирге бурайсың.


Сүйдүрүп өпсең, сагыныч,

Сүйдүрбөй өпсөң жаңылыш.


Сүйө бил сүйүү барында,

Сүрдөбө сүйгөн чагында.


Күн асмандын нур чачкан көркү болсо,

Абийир адамдын нурданган көркү.


Жаталак өлөт, чычалак көнөт.


Суктанбаган сулууга жүрөк болбойт,


Талпынбаган таалайга тилек болбойт.


(Cypan жазган: Заир кызы Гүлбадам)


Назармамбеттин кыйгырындай

көп сугаланба.


Өз атын минип жүрүп издеген бөө.


Май таштаган жерди укурук бою казыптыр.


Тулгасынын боору карарбаган.


Жаманга ran урам деп,

сөзүңдү айып кылбагын.


Жакшынын атын алба,

Жамандан катын алба.


Таягым тайга жеткирер,

тайым атка жеткирер,

Ат муратка жеткирер.


Өзөндүү жерге тал бүтөр,

Өлбөгөн жанга мал бүтөр.


Жаман туугандан жакшы душман артык,

Өлсөң сөөгүңдү аптапка таштабайт.


Өзүңдү жаттай сыйласаң,

Жат боюңдан түңүлсүн.


Жаман атка жал бүтсө,

Жанына торсун байлатпайт.


Жаман ат жарышка тойбойт.

Жаман эр күрөшкө тойбойт.


Жакшы атка бир камчы,

Жаман атка миң камчы.


Көтөрөм көтөрүлсө, көч астын бербейт.


Жакшыга түшсөң жарыйсың,

Жаманга түшсөн карыйсың.


Жаман атты баксаң орто болот,

Жакшы атты баксаң баш болот.


Пайдасыз күчтүү болгуча,

Пайдалуу шайыр бол.


Жакшыдан ат калат,

жамандан дат калат.


Жакшыга ишарат кылсаң билет,

Жамандын башына урсаң билет.


Башка жердин адамы

Бизге жаман болгону менен

өз элине жакшы.


Баш аздык кылбайт, эр жаштык кылбайт.


Бетеге кетип бет калат,

суу кетип сай калат.


Сен үйдө жатасың, мен кийик атамын.


Бала-бала балдырган,

Алса колду талдырган,


Сүйсө мээр кандырган,

Баладай жан кайда, Бакса жанга пайда.


Эр улан болбойт,

Ат гунан болбойт.


Кургак жерден өрт чыкпайт.


(Марбет Сапарованын материалы)


Колуң иттин колундай,

Бутуң, иттин бутундай,

Талоо жесең өлүп кал.


Эки токоч бир көмөч,

Пайда болсо кыл балам,

Зыян болсо кой балам.


(Мыйман Орозовадан жазып алынды)


Төөнү чөйчөк менен сугарат.


Өз үйүндө өрмөк оро албайт,

Кишинин үйундө киши ичик бычат.


Кембагалды кем чамалаба,

Койнунда шишек ташы бар


Кызды карабасаң күң,

Жибекти кармай албасан жүн.


Ак таалай бизди сиз деди.


Жоктун аты Абдикарим.


Ичерге айрани жок, кызын аты Жууратхан.

Кийерге ыштаны жок, кызын аты Кымкап.


Биринде барбы тик чапан,

Же баарында барбы тик чапан.


Көр өзүгө жар тилейт.


(Мончок Акжоловадан жазып алынды)


Ата албадым деп келет,

Алты нанды жеп келет.

Жете албадым деп келет,

Жети нанды жеп келет.


Мен да сендей бар элем,

эчкилүү байдын кызы элем.

Ээ, улактуу эчкиге алган өтүгүм.


Чыга турган көз эле,

Чыгып кетти өзү эле.

Айтыла турган сөз эле,

Айтылып кетти өзү эле.


Ансыз да жетөлөм,

аны жесем бат өлөм.


Кызыл өңгөч кекиртек,

Кыйла жерге секиртет.


“Алла” демек оңой эмес


Жакшы болуш аста-аста,

Жаман болуш бир паста.


Бир баланын дардидан,

Бакшы менен дос болдум.


Иниң келе жатат десе,

инге башы сайылсын дейт.

Көтөргөн бир түйүнчөгү бар десе,

“Садага болоюндун” менден башка

кимиси бар эле-дейт.


Коңушуңдун көзү көр болсо,

Бир көзүңду жумуп жүр.


Жакшы атанын кашыктап жыйган мүлкүн,

Жаман уул чөмүчтөп чачыптыр.


Какаганга муштаган,

өлгөндү көмгөн кылбагын.


Эчкиси туруп кой баштайт,

Энеси туруп кыз баштайт.


Мал арыгын баккандын,

оозу-мурду май жалайт.

Киши арыгын баккандын, оозу-мурдун кан жалайт.


Уста деди Токтогулду,

Бир жүгөндүк кайышты нокто кылды.


Катын бир эрге тиерде же бир

жерге сиерде, Көзү бүтөт.


Айылдаштын аты озгончо,

Королоштун койу озсун.


Кароосу жарашса, кара катын ак болот.


Каалоосу келишсе, кар күйөт.


Жакшыга туш болсоң жарыйсың,

Жаманга түшсөң карыйсың.


Өбөрүңө жок эле, тебериңе табылды.


Беталай кайрат, баш айрат.


Кыйдыга өкүмүңдү берсең да, өмөгүңдү бербе.


Жамандин бир аты жоош.


Бокту чапсаң бетине чачырайт.


Алкымыңдан адашсаң да,

акылыңдан адашпа.


Арчан солдат болсоң да мурдуңду тарт.


Алишер ууга чыкты,

аркасыдан коога чыкты.


Кулду Кудай урбаса, чычып

отуруп ырдайбы?


Кул менен жеген куймак,

Кустурбай да, чычтырбай да койбойт.


Кум биригип, таш болот,

кул биригип баш болот.


Тар жерде аш жегенче,

кең жерде муш же.


Жаманды мактасаң, жардан учат.


Буюкканга жылдыз да от.


Айылдын ашы-коңүлдүн кошу.


Кылып ичкен кыйын аш,

Кыдырып ичкен оңой аш.


Үндөбөсөң үйдөй балээден кутуласың.


Көйнөктүн кирин жууса кетет,

Көңүлдүн кирин айтса кетет.


Жаман атты жал басат,

жаман кызды чач басат.


Битиңе өчөшүп, ыштаныңды отко салба.


Сен кетти деп ыйласаң,

Мен кайра келет деп ыйлайм.


Жакшыга айтсаң билет,

Жаманга айтсаң күлөт.


Бейбаш беш үйдө кашык.


Бей нысапка кашык салса, беш уурттайт.


Жамандын өпкөнү да жаман,

көпкөнү да жаман.


Эки жаман бир кетти, эсен келсе, куп эле.


Жакшы ит өлүгүн көрсөтпөйт.


Жол көрсөткөн, азык бербейт,

Сөз берген, бөз бербейт.


Жаман иттин аты бөрү басар,


Нымтырактын аты Кудайназар.


Аларманга алтоо аз,

берерманга бешөө көп.


Аларьңа келгенде, аягыңа жыгылат.

Берерине келгенде, кудайга үнү угулат.


Септүү кыз болгуча, эптүү кыз бол.


(Авазгүл Ахмедованын материалы)


Адими заада айттирбайт,

атага наалат келтирбейт.


Сөөгү таза сөктүрбөйт,

сөөкө зыян келтирбейт.


Өз өлтүрбөйт, жат жарытпайт.


Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт.


Жакшы болсо жарыңыз,

Кайтып келет малыңыз.

Жаман болсо жарьңыз,

Күйүп кетет малыңыз.


Эл башына иш түшсө, Ооздурук менен суу ичет.


Эрге нообат келгенде, эшигинин астында,

Эки кулук тең байлайт.


Сартка нообат келгенде,

Самоордо чай кайнайт.


Келбетин көр да, сыр сура.

Коюнун көр да, нан сура.


Оозу жаман элди булгайт,

Чарыгы жаман төрдү булгайт.


Жакшы таап сүйлөйт,

Жаман каап сүйлөйт.


Жыгылган күрөшкө тойбойт,


Жыртык үйгө конок конбойт.


Уяты жоктун күнү жок,

Уулу жоктун мууну жок.


Бөөдө ыйлаган көз жаман,

Көзгө айтпаган сөз жаман.


Жаман өзүн билбейт,

Жакшыны көзгө илбейт.


Ийне сая албаган, ийне тандайт,

Учук сала албаган жип тандайт.


Элин жоктобос адам болбос,

Жерин сагынбас жылкы болбос.


Козу болбой кой болбос,

Кичине болбой, зор болбос.


Сөөлөтүңө жараша сөз сүйлө,

Кепетеңе жараша кеп сүйлө.


Ичи тардын сөзү заар,

амал тийсе элге каар.


Жаман коңшу аш бербейт,

Эрке перзент баш бербейт.


Жакшынын жүзү жарык,

Жамандын бети чарык.


Берсе дагы бай жакшы,

Бербесе да бай жакшы.


Аттууга жөө жете албайт,

Экөөгө бирөө бата албайт.


Эки жаман бириксе,

ээн үйдө жаталбайт.


Ийлебей кайыш көң болбойт,

Азали ийри жон болбойт.

Кыя бычбай тон болбойт,

Кыялы бузук чоң болбойт.


Таң аткандын белгиси,

Сары жылдыз жаркырайт,

Күн тийгендин белгиси,

Too тоонун башы жаркырайт.


Киши болор жигиттин,

киши менен иши бар,

Киши болбос жигиттин,

кишиден не иши бар.


Ашыккан аштан калат.


Сарт санасы менен байыйт.


Октобой мерген аталбайт,

Онтобой кесел жаталбайт.


Марттык кылгын мал барда,

Эсендик кыл жан барда.


(Айбашова Жамийладан жазып алган Диловар Кудайбергенов)



"Мургаб элинин мурастары"

С.Таджидинов, Ж.Ибраимова

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены