Парламентте Тажикстандагы кыргыздардын маселеси көтөрүлдү

Парламентте Тажикстандагы кыргыздардын маселеси көтөрүлдү

Жогорку Кеңештин 1-марттагы отурумунда депутат Балбак Түлөбаев Тажикстандагы этникалык кыргыздар маселесин көтөрүп, чек арадагы чатактан кийин алардын абалы оорлошуп кеткенин айтты.


"Тажикстандагы кыргыздар аябай катуу кыйналып жатыптыр. Биздин элчи же Тышкы иштер министрлиги Тажикстанда жашаган кыргыздарга бир барып, эмне көйгөйлөрү бар экенин карап берсе... Өтө көп көйгөйлөр бар деп айтып жатышат. Аябай кыйналып жатабыз, келип сураган эч ким жок, чек ара чатагынан кийин да абал татаалдашып кетти деп телефон чалышууда".


Этникалык кыргыздардын көпчүлүгү Тажикстандын Жерге-Тал жана Мургаб райондорунда жашайт. Алардын так саны белгисиз.


Акыркы маалыматтар боюнча, Кыргызстанга Тажикстандан 30 миңден ашуун этникалык кыргыз көчүп келген. Алардын көпчүлүгү "Кайрылман" макамын алган.


2022-жылы башка өлкөлөрдө жашаган 507 этникалык кыргызга кайрылман макамы берилип, Кыргызстандын паспорту тапшырылды. Мунун 338и Тажикстандан келгендер.


Этникалык кыргыздар Кытай, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Ооганстан, Түркия мамлекеттерде жашайт.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены