Жыпар Мамбетова: Ооган кыргыздары Өзбекстан аркылуу алынып келет

Жыпар Мамбетова: Ооган кыргыздары Өзбекстан аркылуу алынып келет

Жогорку Кеңештеги "Ишеним" фракциясынын 17-марттагы жыйынында депутат Чолпон Султанбекова Ооганстандагы кыргыздарды алып келүү маселесин көтөрдү. Ал Файзабад шаарында 65 памирлик кыргыз бир канча убактан бери паспорт алалбай, Кыргызстанга келе албай кыйналып жатканын билдирди.


Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигин өкүлдөрү Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте аларды алып келүү аракети уланып жатканын айтты.


"Аларга паспорт алып берүү боюнча министрликтен 500 миң сом каралган болчу. Андан сырткары Улуттук коопсуздук комитетинин атайын сунушу бар. Коопсуздуктан улам алар күтүү режиминде турат. Өкмөттүн чечиминин долбоорун даярдадык. Эгерде бизге тапшырма болсо эле аларды Өзбекстан аркылуу алып келүү каттамы иштелип чыкты",- деди министрликтин өкүлү Жыпар Мамбетова.


Жыл башында Ооганстандагы эки миңге чукул кыргыз байырлаган Памир өрөөнүндө сасык тумоонун оор түрү күч алып, жарым айда 20дан ашуун адам каза болгону тууралуу маалыматтар чыккан.


Президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов алардын абалын билүү үчүн ал жакка элчиликтин ишенимдүү өкүлү жөнөтүлгөнүн билдирген.


Былтыр жайында кыргыз өкмөтү 2022-2024-жылдар аралыгында бюджеттен каралган 244,5 миллион сомго Ооганстандын Кичи жана Чоң Памиринде жашаган 1,5 миңдей этникалык кыргыз (400 үй-бүлө) көчүп келерин билдирген.


Ага чейин 2019-жылы 50 адамдан турган 11 памирлик үй-бүлө көчүрүлүп келип, алар үчүн Алай районунун Сары-Могол айылына үй курулган.


2017-жылы Нарынга алынып келинген элүүдөй кыргыздын айрымдары Ооганстанга кайра кайткан.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены