Кайрылман макамы кандай максатта берилет? - аны алгандар кандай укукктарга ээ?

Кайрылман макамы

 


Коноктор

Тилек Айдарканов, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Миграция маселелери боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын Кайрылмандар жана качкындар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы


Былтыр 1 223 этникалык кыргыз кайрылман макамын алды. Алар Өзбекстан, Тажикстан, Кытай, Россия, Түркия, Афганстан жана башка өлкөлөрдөн келген. Кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздар жөлөк пулдарды жана пенсияларды алууга, саламаттыкты сактоо, билим берүү кызматтарын алууга, ишке орношууга укуктуу. Ошондой эле Кыргызстандын жарандары менен бирдей негизде, Жер кодексине ылайык, айыл чарба жерлерин кыска мөөнөттүү пайдаланууга ала алышат.


Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Миграция маселелери боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын Кайрылмандар жана качкындар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Тилек Айдарканов айтып берди.