(Роман) Ар бир элдин тарыхы,ар бир эрдин өз доору болгон.Рахманкул хан Жапаркул уулунун100 – жылдыгына арналат. Биринчи бөлүм Бүгүн күн күндөгүдөн бир башкача ажайып нурлуу кыпкызыл алоолонгон оту менен батып баратты. Анын отуна алакан тоссоң мына жетчүүдөйсүң. Күндөгү адатындай айылдан обочороок жерге басып келген караан эки жагын каранып, батып бараткан күндөн көзүн албай тээ канчадан бери кыймылсыз турат.…