Кытай Эл Республикасынын аймагындагы кыргыздардын ичинен Кытай Памир кыргыздары азыркы мезгилде тарыхчылар үчүн кызыктуу изилдөө объектисине айланды. Анткени Кытай Памир кыргыздары байыртадан бери эле ушул Кытайдын Памирин жердешип, илимде, коомдо жергиликтүү абориген эл катары эсептелет. Ата-бабаларыбыздын баскан издери, жаткан сөөктөрү, калтырган мурастары, тарыхый, маданий өнүгүшүнүн этаптары мына ошол Кытай Памиринде да сакталып, орун алган. Ооган Памирине караганда Кытай Памириндеги кыргыздар…