Бүгүнкү күндө этникалык кыргыздардын жашоо турмушу учурга салыштырмалуу 50-60 жыл артта калган. Аткени тоолуу аймактарда отурукташып, көп нерселерден чектелип калган. Маалыматтар боюнча 700 миңден ашуун этникалык кыргыз тарыхый мекенинен тышкары, дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчтарында жашап келишет. Негизинен алардын көбү коңшулаш өлкөлөрдө турушат. Тактап айтканда, Өзбекстанда 370 000, Кытайда 160 000, Орусияда 42 000, Тажикстанда 56 000, Ооганстан менен Түркмөнстанда…