Депутаттар тарабынан этникалык кыргыздарды паспорт алууда мамлекеттик алым төлөөдөн бошотуу зарылчылыгы белгиленет. Мындай сунуш көчүп келген этникалык кыргыздар үчүн жагымдуу шарттардын бири болот. Ушул жана башка этникалык кыргыздарга байланыштуу маселелер жана мыйзамдар туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу кеңири маек курду. -Жогорку Кеңеш этникалык кыргыздар паспорт алганда мамлекеттик алым төлөөдөн бошотуу жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алды. Зарылчылыгы эмнеде?…