Турмуштун агымы, замандын оңолушу, жашоонун оң нукка түшүшү жеке бир пенденин гана эмес жалпы элдин да, жумурай журттун да тагдыр-таалайына жагымдуу таасирин тийгизери соңку чейрек кылымдык мезгилде Ала-Тоонун эки өңүрүн мекендеп жашап жатышкан кыргыздардын алака-мамилелеринен ачык-айрым көрүнүп олтурат. Улуу Жуңгонун саябандуу канатында күн кечирип жатышкан кандаштарыбыз бүгүнкү күндө өнүгүп-өсүүнүн жаңы баскычына көтөрүлүшүүдө. Жунго мамлекети менен Жунго коммунисттик партиясынын…