Тажикстандагы коомдук уюмдар тажик бийликтерине кайрылышып, Тоолуу-Бадахшан аймагына чет элдик туристтердин баруусун жөнөкөйлөштүрүү өтүнүчүн жолдошту. 20 ашуун коомдук уюм жана туристтик агенттиктер тараткан билдирүүдө: “Тажик жетекчилери ар дайым туризмди өнүктүрүү маселесин козгошот. Ал эми иш жүзүндө чет элдиктер Памирге барууга ураксат ала албай жатышат”, - деп жазылган. Кайрылуунун авторлору виза тоскоолдуктарына байланыштуу Тажикстандын эң жакыр Памир аймагы туристтерден түшүүчү…