Этникалык кыргыздар

Жер жылдызы Жерге-Тал: Гулназ

Жер жылдызы Жерге-Тал: Гулназ

Гүлназ Тойгонбаева Тажикстандын Жерге-Тал районунан. Медучилищеде окуп, хирургия бөлүмүндө медайым болуп иштеди. Кыргызстанга беш жыл мурда көчүп келген. Күйөөсү экөө Кыргызстанда дагы эки эгиз балалуу болушту. Жарандыгы жок болгондуктан, балдарга жөлөкпул да ала албайт. Жакында Бишкекте жашаган жазуучу жердеши Аким Кожоев андан кабар алганы келди. 28.04.2015 jwplayer('player_video').setup({ file: '/images/oblako/video/Vidro_Stati/zher-zhyldyzy-zherge-tal-gulnaz.mp4', width: '80%', aspectratio: '16:9' });

Кыргызстандын элчиси И.Жунусов Чубуктагы кыргыздар менен жолукту

Кыргызстандын элчиси И.Жунусов Чубуктагы кыргыздар менен жолукту

Ѳткѳн айдын акырында, Кыргызстандын Түркия Республикасындагы толук жана атайын ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов, Аканара шаарынын Чубук аймагында жашаган вандык кыргыздар менен жолугушту. Түркиянын чыгышындагы Ван облусунун Эржиш районуна караштуу Улуупамир кыргыз айылында бир топ кыргыз жашайт. Рахманкул хан баштаган бир топ кыргыз, ѳткѳн кылымдын 80-жылдары Ооганстандан Пакистан аркылуу ушул жакка келишкен. Чарба күтүп, очор бачар болуп жашашкандары менен…

КРнын Түркиядагы элчиси Анкарадагы кыргыздар менен жолукту (видео)

КРнын Түркиядагы элчиси Анкарадагы кыргыздар менен жолукту (видео)

Кыргызстандын Түркиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов баштаган топ Анкаранын четиндеги Чубук районуна барып, Вандан көчүп келген кыргыздардын ал абалын сурап, райондун башчысы менен жолугуп келди. Бул тууралуу элчиликтен билдирди. Жолугушуудан кийин Анкарадагы кыргыздардын суранычы менен элчи баштаган топ Чубук аймактык музейин кыдырышты. Музей экспонаттары аркылуу, жергиликтүү элдин жашоо-шартын,маданиятын айтып беришти. Андан соң…

Оштогу стадиондо 8 жылдан бери балдары менен жашаган аялдан мэриянын кызматкерлери журналисттер менен жолугушпа деп талап кылууда

Оштогу стадиондо 8 жылдан бери балдары менен жашаган аялдан мэриянын кызматкерлери журналисттер менен жолугушпа деп талап кылууда

Ош шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Алмазбек Осмонов, шаардын борбордук стадионунда 8 жылдан бери жашап келе жаткан Калбүбү Жамиловадан, анын жалпыга маалымдоо каражаттарына маек бербөөсүн талап кылды. Бул тууралуу Калбүбү Жамилова аймактык кабарчыга билдирди. Анын айтымында, мэрия кызматкерлери Turmush басылмасына берген маеги канчалык деңгээлде чын экендигин сурашкан. Ош шаарынын А.Сүйүнбаев атындагы борбордук стадионунда 8 жылдан бери эки баласы менен жашап…

Кара-Балтадагы Памир кыргыздарынын элечек көргөзмөсү

Кара-Балтадагы Памир кыргыздарынын элечек көргөзмөсү

СССР тарап мамлекеттер эгемендүүлүкө өтүп, адамдар жер которуп, ойдо жок жашоого кабылдык. Ата-Журтан алыстап, Ата-Мекенибиз болгон Кыргыстан тарапка, Мургаптын бир уч калкы бүгүнкү күндө Чүй, Сары-Өзөн, Кара-Балта, Ош, Ыссык-Көл тарапта жашоо кечирүүдөбүз. Жараткандын буйруган ырыскысын терип жеп жашоо жаман эмес. Өзүбүздүн каада-салт, үрп адаттарыбызды элге тааныталы деп Кара-Балта шаарында Сары-колдон келген этникалык кыргыздарынын көргөзмөсүн өткөрдүк. Кийген кийимибиз, кармап туткандарыбыздын…

Үйү жок Калбүбү эже Ош стадионунда 10 жыл жашады

Үйү жок Калбүбү эже Ош стадионунда 10 жыл жашады

Калбүбү эже жалгыз бой эне, эки баласы менен 10 жылдан бери Ош шаарынын борбордук стадионунда жашайт. Себеби башка бараар жайы жок. Калбүбү Жамилова 1997-жылы Тажикстандан жакшы жашоону эңсеп өз мекенине көчүп келген. Чуркап жүрүп 12 жылдан кийин гана Кыргызстандын жарандыгына ээ болгон. Андан бери ойлогон көйгөйлөрү чечилип кетет десе, андай болгон жок. Учурда каарманыбыз ай сайын 2065 сом өлчөмундө…

Страница 87 из 128