БАР БОЛ САРЫКОЛ (сүрөт)

БАР БОЛ САРЫКОЛ (сүрөт)

№7 К.Бердибеков мекемесинин ичинде бүгүн класс ичи шаңга бөлөнүп, шаңдуу музыка жан дүйнөнү тазартып, көңүлдөрдү сергитип жатты. Кай жактан туулган жердин жыты аңкып ар адамга сиңип жатты.

 

Ошол, сыңары бүгүнкү шаңга бөлөнгөн чоң майрам өзүнүн киндик кан тамган асыл жери Сарыколуна арналган салтанаттуу поэзиялык кече “ Бар бол Сарыкол” деген ат менен адабиятчы эжекебиз бул кеченин уюштуруучусу. Туулган жерге арналган поэзиялык кечени жогорку деңгээлде уюуштуруп, өз окуучуларына, кеченин катышуучуларына тартуулап отурган эмгегинен баар тапкан, өз кесибинде талыкбай иш алып барган, асыл саптарында иштеп койгон эс алуунун алдында турса да чыгармачылыгын өз окуучуларына арналган мекеменин тажырыйбалуу эжекеси Айзада Жуниева.

 

bar-bol-sarykol 2

 

6-май күнү эжеке уюштурган бул кечеде ар бир катышуу- чуга чоң таасирин тийгизген поэзиялык кече журуп жатты. Сарыкол бийик жердин (акын) тээ мурунку оозеки чыгармалардан үзүндүлөр менен баштап, бүгүнкү учур- дагы өз жерин даңгазалаган Сарыколдун акындарынын ыр кайрыктары көркөм окуу- сун жан дүйнөнү тазартып, көңүлдөрдү ачып жатканына баа берем.

 

Бул кеченин негизги максаты Сарыколдун чыгаан уулу Майрамбек Тойчиевке таазим этүү менен агабыздын ыр саптарын, котормолору белгилүү иштерин даңгазалоо менен бирге окуучуларды да ата журтун, туулган айылын сүйүүгө тарбиялоо болду. Ал эми өз айылыбыздын кулуну сыйлуу агайыбыз Алымкул Акназаровдун да башкалардан кем калбаган агайдын калемине таандык болгон ырларын жана “Ата журт” драммасынан үзүндү бере алды.

 

Биздин улуу насаатчыбыз, кеңешчибиз, устатыбыз болгон агабыздын чыгармачылыгы дайыма жүрөгүбүздө болорун айтышты. Ошондой эле “Сарыкол кайрыктарында берилген М. Жумабаев, А. Жумабаев, А.Сапарбаев, Э. Өмүрбеков, К. Чөндөбаевич, А. Акназаров, Х. Мурзахматов, Б. Оторбаев, У. Садирбаев, М. Тойчиев” сыяктуу поэзияны аздектеген асыл акындарыбыздын ыр саптарын окуучулар көркөм окушуп, кээ бир ырларын обонго келтирип турган 9-класстын окуучулары болду.

 

Ал эми жаш жана чебер сөздөн ыр кураган Эркайым Мамытова жана Абдирашид Небереходжоевдин да ырларын көркөм окушуп, айтышты. Обондуу ырлардан К. Каримкулов жана З. Жүндүбаевдердин ырларын да шаңдуу аткарышты. Сарыкол жерин сүрөтчүлөр жогорку баада тартышып өнөрлөрүн көрсөтө алышкан 11-класстын окуучусу А. Майрамбек уулу жана 9-класстын окуучусу М. Базарбай уулу туулган жерлерин сурөт менен даңгазалашып салымдарын кошушту.

 

Аяагында эжеке талыкпаган эмгеги менен өз жерин, мекенин асыл сапаттарын ырга кошуп жазганын көрктүү окуп берип, окуучуларын туулуп өскөн жерин сүйүүгө чакырды. Уюуштуруучуга мекеме жетекчиси, мугалимдер ата-энелер чоң ыраазычылыгын билдиришти. Бүгүнкү “Бар бол Сарыкол” аттуу поэзиялык кеченин таасири окуучуларга гана эмес, күйөрман катышуучуларга да таасири болгонун 9-класстын ата-энелер комитети Н. Маматалиева айтып, эжекенин ишине ийгилик, ден соолук жана жаш калеминин ишине чоң ийгилик каалоо менен бирге 11-класстын бүтүрүүчүлөрдүн атынан Ысман кызы Бүбүрукуя эжекеге арналган ыр саптарын окуп, туулган жерге болгон сезиминин ого бетер ойгонушун айтып өттү. Ошондой эле Б. Айбашова кесиптеши да эжекеге ийгилик каалап, сөз сүйлөдү.

 

Ушинтип бүгүнкү поэзиялык кеченин тарбиялык мааниси биз үчүн мекенди сүйүүгө чакырды деп кетемин. Аяагында жетекчинин ардактуу эс алуусу менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены