А. Небрехожоев: "Сары-Кол аркар, кулжа мекени" (ыр саптар)

Ордо оюнуна ой толгоо

 

Кел ойнойлу достор ордону,

Кыргыз эли ордо оюнун борбору.

Ойнолсо ордо дайыма,

Ордо оюнун жөн оюн деп ойлоно.

 

Ордо оюну башталардын алдында,

Бөлүнөт жигиттер эки тарапка.

Уруу ,достор же айыл деп.

Сезилбеген намыс үчүн чыгатта.

 

Чүкөлөрдөн ат тандашып алышып,

Калыстыкка асман көздөй ыргытат.

Бактылуу эрдин аты тозуп,

Ордо оюну өз нугунда башталат.

 

Ордо толо жык чүкө ,

Ортосунда "хан"болот.

Колдоон, деген сүрөө жаңырып,

Жүрөктөр ушунда байкалат.

 

Жайнаган чүкө чачылып,

Ордону көрккө келтирет.

Кандай,кантип атсам деп,

Мергендер ушунда билинет.

 

Чертмекчи чертсе үчөөнү,

Ордунан көтөрүлүп тик учат.

Хан ордого кирип эр жигит,

Даяр чалгынчы экенин билгизет.

 

Ошентип оюун созулат бир убакка,

Эртеден кечке баары ачка.

Бабалардын жоготпой салтын улап,

Ордо ойногон кыргыз жигиттери накта.

 

Кайнап турган майданда,

Жым боло түшөт бир паста.

Эсептеп бүтүп чүкөнү,

Көтөрөт колун заматта.'

Сары-Кол аркар, кулжа мекени

 

Ак суусу ичегине окшоп турат,

Ак зоосу асманыны тиреп турат.

Кантпегин эмне кылып сүрөттөбө,

Сары-Кол аркар гулжа Мекени.

 

Чайпалган көлу бар Кара-Көлдөй,

Ысык суу булагы бар Мадияндай.

Кантпегин эмне деп ыр кураба.

Сары-Кол аркар, гулжа Мекени.

 

Эли бар кыргыз салтын жоготбогон,

Эли бар Сары-Колдун суугуну тоготбогон.

Кантпегин эмне деп мактанбагын,

Сары-Колум аркар,кулжа Мекени.

 

А.Примбердиев

Мургаб району

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.