САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ: Мамытова Мадузахан

САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ: Мамытова Мадузахан

Мамытова Мадузахан Токуровна 1967-жылы Мургаб шаарчасында туулган. 1974-жылы В.И.Ленин атындагы орто мектебине биринчи класска барган. 1981-1984-жылдары мектеп боюнча комсомол уюмунун секретары болуп, мектептин косомол уюмунун иштерин мыкты, ийгиликтүү алып барган. Мектептеги кароо-сынактарында талыкпай активтүү катышып келген.

 

Мектепти жакшы жетишүүлөр менен аяктагап, 1984-жылы Фрунзедеги кыз-келиндер институтунун Музыка факультетин бүтүргөн.

 

1986-жылы турмушка чыгып биротоло Бишкекте отурукташкан. Азыркы учурда Генерал Султанаалы Самсалиев атындагы Жогорку-Аларча орто мектебинде эмгектенүүдө. Ошондой эле 2017-жылы өзү түзгөн «Жаш кыял» балдар хорунун жетекчиси.

 

Эмгек жолунда жаш муундардын жан дүйнѳсү менен иштеп, кѳптѳгѳн ийгиликтерге жетишкен. Райондук, облустук ардак грамоталары, билим берүү министрлигинин ардак грамоталары менен, ошондой эле 2011-жылы Рыспай Абдыкадыровдун 70-жылдыгына карата ѳткѳрүлгүн чыгармачылык семинарында сыйланган. 2017-жылы «Билим берүүнүн мыктысы» тѳш белгисине ээ болгон. Мадузахан Мамытова Рыспай Абдыкадыровдун алты томдук китебинин 5-томуна кирген. Ал жерде Рыспай агайдын Мургапка баргандагысы жана Мадузахан Мамытованын иш-чарамы жазылган.

 

Азыркы учурда тѳрт баланы тарбиялап, тѳрт неберенин бактылуу чоң апасы. Кезегинде ыр жазып чыгармачылык менен алектенүүдө.

 

Өмүрүм

Алгачкы айтар турган менип сөзүм
Мадузакан Мамытова болом өзүm
Айылым Мургаб болот Памир Алай тоосу
Ушул жерден көргөнмүн күндүн көзүн

 

Атаги тан калтыргап далайларды
Ынтымакка чакырган адамдарды
Кыргыз змес оруска банкы жеткен
Ким билбейт Датка энебиз Курманжанды

 

Түз жүрүп чыгып кетпей четтеп жолдон
Атакем бар айылга башчы болгон
Ак сүтүнөн змизгеп апам болсо
Too ичин толкун кылып обон созгон

 

Эрке өсүп гүлдөй болуп тараптарым
Too жазындай толукшуп жаштык чагым
Мээримич төгүп мага өмүр жолун
Мектепти ийгиликтүү аяктадым

 

Үмүттүн кушу конуп ойлорума
Сапар тарттым Кыргыздын борборуна
Тагдырыма ушунча ыраазымын 
Табигат талант берип койгонуна

 

Ак кемеси алга сүрүп өмүрдүн
Окуп бүтүп өз айлыма бөлүндүм
Билим берип балапандаи балдарга
Балдар болду борборунда көңүлдүн

 

Туз буйруп турмуш куруп Арчалыда
Жакшы адамдар жанашып жан жагыма 
Сабак берип баштадым музыкадан
Айылдын сүйкүм жүздүү балдарына

 

Мандалактай ачылып менин бактым
Үч эркек, гүлдөй болон биp кыз таптым
Балдарымдын баарынын таланты бар
Баалай билет өнөрдүн бийик баркын

 

Ой тилегим жалбырактай жашарып
Түзгөн хорду «Жаш кыял» деп атадык
Көпчүлүктүн апып жакшы батасын 
Көңүлдөрдүн көшөгөсүн ачалык

 

Билимдүү болушса деп үмүт менен
Еалдардын дүйнөсүнө кирип келем 
Таанымал Адам болуп кыргыз үчүн
Бактылуу болушса деп үмүттөнөм

 

Бала-чак балапандай кезибизде
Рыспай ырчы болгон эсибизде
Бардыгыбыз ырын ырдап мектепте
Толгон жашын эскердик 70ке

 

Ырахматын айтып калын Эл ичи
Иштей билсен болот иштин жеңиши
Элесинде калсам экен деп ойлойм
Элге жетип эмгегимдин жемиши

Сени менен сыймыктанам Мургабым

Мургабым менин асыл туулган айылым,
Кайда жүрсөм, жүрөгүмдө жашаарым.
Чаң-топурак, шамалыңа сыйынып,
Таазим этип, ар бир таңда тураарым.

 

Көзгө элестейт көчөлөрүм басканым,
Алып учуп сагынганым айтпагын.
Туулган жерим, асыл менин турагым,
Айтып бүткүс, бардык сенин жактарың.

 

Жакшы өттү , менин алтын балалыгым,
Тоо жазындай толукшуп жаштык чагым.
Эрке өсүп, гүлдөй болуп тараптарым,
Мектебиңди абдан жакшы аяктадым.

 

Θткөн сенде менин алтын балалыгым,
Бийик-бийик болчу менин кыялдарым.
Бардыгын тагдыр жеңет турбайбы,
Θзүңдө эмес, алыс жакта турамын.

 

Ошондон бери көптөгөн жылдар өттү,
Канчалаган адамдардын көзү өттү.
Аман болсун, ата-энемдин көзүн көргөн адамдар,
Узун өмүр, бак- дөөлөттө жашаңар.

 

Атамдын көзүн көргөн аталар бар,
Апамдын сөзүн уккан апалар бар.
Ал тургай агаларым жоктотпой,
Ага ордуна сиз сыяктуу агалар бар.

 

Бар болгула, менин асыл жердештерим,
Бир убакта кайрылып мен келермин.
Бакыттын кушу конуп дөөлөттүү Мургабыма,
Гүлдөп өссүң, сиздердей уулдар барда.

 

Жаштыгымды кайрып берчи суранам

Жаштык кез ыр күлкү го жакын келет
Мен дайым ошол күндө болгум келет
Жаңырып жан дүйнөмо ыр обондор
Өзгөрбой ошол бойдон калгым келет

 

Жаңылбай жаштык жолун баскым келет
Күнүгө картаюдан качкым келет
Таптаза жан дүйнөгө азыктанган
Кайрадан балалыкка кайтып келет

 

Кайрадан Мургабыма кетким келет
Ал жактан баарыңарды көргүм келет
Күүгүм кезде кубалашып ойногон
Досторумду чогултуп алгым келет

 

                          -//-

 

А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.