САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ: Акназаров Алымкул

САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ: Акназаров Алымкул

Акназаров Алымкул Исмаилович 1951-жылы Аличор кыштак советинин Баш-Гүмбөз айылында кызматчынын үй-бүлөсүндө туулган. Алымкул Акназаров 1975-жылы Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик Университетинин филология факультетин бүтүргөн.

Анын айрым ырлары, макалалары Кыргызстандагы басма сөздөрдө басылган.

Ал райондук жергиликтүү «Сары-Кол» газетасынын редакциясы менен да тыгыз байланышта.

Үй-бүлөлүү: бир кыз, беш уулдун атасы.




ЧӨНТӨК ДЕПТЕР

Бул дептерге мага тийген эстелик,

Калбас жерде, уйпаланып, тепселип,

Эмне жазсам, кандай даңкка жетсем да,

Мунум болор өмүрүмө тең шерик.

Маяк болор талантыма дем берип.

А згерде жарабаган иш кылсам,

Тек гана бир чиймелерим эстелип.

 

АЛИЧОР ЖЕРГЕСИ

Бабалар мурас калтырган,

Жергебиз Аличор байыртан.

Табигат берген көлдөрү,

Көркөмү көздү талыткан.

 

Кайырма:

Бийик тоосу, аскасы,

Көккө тийип баш жагы.

Мөлтүр тунук, кашка суу,

Көзгө сүйкүм таштары.

 

Ак-Балык-Ата, Жашыл-Көл,

Жер көзү Сүмө, Булуң-Көл.

Эзелтен малга жайлуу жер,

Баш-Гүмбөз, Тулпар Көл, Үч-Кол.

 

Кайырма:

Бийик тоосу...

 

Кулжалуу болот Бел-Айрык,

Too теке төрү - Муздуу- айрык.

Бүркүтү шаңшыйт асманда,

Улары безейт миң кайрык.

 

Кайырма:

Бийик тоосу...

 

ЖЕРИМ САРЫКОЛ

Олуясы жоомарт деген,

Байыркыдан калган экен.

Аска тоосу, көлү, суусу,

Баары ыйык Сарыкол - Мекен.

 

Кылымдарда артта калган,

Тозуп кыргыз чабыштардан.

Келген кыргыз жергесинен,

Улуу Тоого - жылдыз жанган.

 

Көчмөн кыргыз келип конду,

Мекен кылып бийик тоону.

Чыгыш Памир - Сарыкол жери,

Болду Ата Журт тоо коюну.

 

Азыр деле жашап келет,

Андан калган урпактары.

Кыргызмын деп сыймыктанат,

Баштан түшпөй ак калпагы.

 

Байыркыдай эле наркы,

Айткан сөздөн кайтпаган.

Байыркыдай эле салты,

Ат үстүнөн калбаган.

 

Ошол элдин бир кулуну,

Тоо койнун барктаган.

Мен кыргызмын, жерим — Сарыкол,

Ата бабам тандаган.

 

ТООЛУУ ЖЕР

Бийик тоолуу жерим дүйнө төбөсү

Анда өспөйт, алма, өрүк мөмөсү,

Чар тарабы жалаң шагыл, корумдар,

Сырдуу дүйнө, жомоктордун өлкөсү.

 

Өспөйт анда арча, кайың, карагай,

Дартка дабаа, дары чөпкө өтө бай,

Аска-зоодон фонтан болуп чачырайт,

Мөңгү суусу жан сергитер аябай.

 

Көлдөрүнөн толкун келет, жел келет,

Көл түбүндө не бир түркүн керемет.

Жуунушат, чачын тарап перилер,

Балык сымак ыргалышат, термелет.

 

Көл үстүндө тоолор турат айбаттуу,

Ак чокулар - ак сакалдуу, калпактуу.

Too ичинде төрт түлүк мал өстүрүп,

Жашайт тоолук, тоо сыяктуу кайраттуу.

 

КУТТУКТОО

(«Сары-Кол» газетасынын
60 жылдыгына арпалган).

 

Кылымдан сөз өнөрүн кастарлаган,

Күжүрмөн змгекчини ардактаган.

Макала жазып жүргөн ышкыбозго,

Телчитип багыт берип сапарлаткан.

Гезитим! Маараке той куттуу болсун!

 

Колуна калем алып, кыял сүргөн,

Басылып, басылбаса ырдап жүргөн.

Үмүткөр жаш калемгер талпына бер,

Басылат «Сары-Колуңдан» ырлар жаркын.

Жаш калемгер! Маараке той кутгуу болсун!

Акимдик, эл башында тагдыр чечкен,

Акындар, талант-кыдыр даарып кеткен.

Тоолук эл тынч бололу бардыгыбыз,

Ата Журт тоо койну го биздин мекен,

Сарыкол элим! Маараке той куттуу болсун!

ЖАЙДЫН ТАҢЫ

Жайдын таңы чакан айыл,

Түндүк артка тартылып.

Ак үйлөрдөн түтүн тарайт,

Шыбак жытын аңкытып.

 

Желелерде шыңгыр күлкү,

Кыз-келиндер, топоз саап.

Сырдуу тиктеп, каш серпишет,

Бир биринин оюн таап.

 

Таш короодон коюн жайып,

Чыкты айылдан Койчуман.

Өгүз минип, тоо этектеп,

Келе жатат бир караан.

 

Тзэ айылдын ылдый жагы...

Суулар чыгып бириндеп

«Чуйк-чугуттап», аңкышташат,

Чөп тамырын терип жеп.

 

Улуу тоодон улар үнү

Жанга жагым ышкырат.

Теребел бүт кулак түрүп

Тыңшагандай тунжурайт.

 

САЛAMДАШУУ

(Сомоний мамлекетин 1100
жылд. кароодо ырдалган)

 

Алчорчу злим жалпынан,

Баш-Гүмбөзчү калкыман,

Саламданып кетейын,

Бардыгынын атынан.

 

Ассалому алейкум,

Мургабчы злим аманбы?

Кабыл алгын куттуу зл,

Жүрөктөн чыккан саламды.

 

Саламды айтам отурган,

Жюри болгон чоңдорго.

Ат арытып келишкен,

Чыгырмачыл топторго.

 

Эл чыгарма топтору,

Чотулуп бүгүн Мургабта.

Өнөрлөрүн көрсөтүп,

Атаандашат окшоду.

 

Бул болуучу фестиваль,

Сомони деп аталат.

Кимдер кашаң, ким кулак,

Аягында байкалат.

 

Бул кароо жыл ичинде,

Майрамдоо менен башталат.

Анткени тажик өлкөсү,

Эгемендүү деп аталат.

 

Сегиз жыл болду өзүнчө,

Мамлекет болуп алганы.

Үчүнчү съезд өтүлсө,

Такталат андан ар жагы.

 

Жетишсиз болду баары деп,

Эмгек кьл, мөгдөп жатпаңар.

Ыйык жер турса, жамырап,

Жер тандап элден качпаңар.

 

Агахан артык жаралган,

Күрүчүн, майын, ун берет.

Саясый бекем болбосок,

Тынчтыкты бизге ким берет.

 

Кааларым элим жалпьңа,

Кыргыз, тажик капкыңа.

Ушундай тартыш заманда,

Ынтымак каалайм баарыңа.

 

МАЙРАМБЕК ТОЙЧИЕВ
(Чыгырмачылык тушоо кесүүсүнө арнаймын)

 

Жергебиз бар, ыйык, кенен байыртан.

Кур кол эмес акылмандан, акындан.

Өткөн бизде: Бөрүбек апыз, Куу кулак

Заманында ак таңдай деп таанылган.

 

Бийлер өткөн Токур даанышман,

Эшен өткөн Султан ата көзү ачык.

Билип айтып, болор ишти алдыртан,

Өз элине, өз журтуна жол ачып.

 

Санай берсе көптөр өткөн жакшыдан,

Сый-урматты көрүп, өз эл-калкындан.

Бырок чиркин Союз тарап кеткенче,

Чыкпаптыр го же жазуучу, акындан...

 

Чымырканып бой таштапсың мухитке,

Kубанамын сен баштаган бул ишке.

Поэзия - толкуп тургan чоң деңиз,

Абайлагын, этият бол - зор иште.

Поэзия - талаасына үрөн сеп,

Бар бол, дайым акын үкам Майрамбек.

 

                            -//-


А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.