САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ: Жумабаев Миталип Касымович

САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ: Жумабаев Миталип Касымович

Жумабаев Миталип Касымович 1948-жылы Тажик ССРинин Тоолуу Бадахшан автономиялуу областындагы Мургаб районунун Раң-Көл кыштак советине караштуу Суу-Башы айлында туулган.

 

Жумабаев Миталип Касымович жогорку билимдүү Кыргызстандын Ош шаарындагы мамлекеттик педагогикалыки институтунун филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты боюнча окутуучу деген адистигин бүтүргөн.

 

 

 

Миталип Касымовичтин көптөгөн ырлары, аңгемелери Кыргызстандын «Ала-Too», «Кыргызстан маданияты», «Ленинчил жаш» газега-журналдарына жарыяланган.

 

 

САРЫ-КОЛУМ

Мезгилди, күндү айлакган,
Мекеним улуу тоолорум.
Чокусу жылдыз жандаган,
Чордону тоонун Сарыколум.

 

Ааламда аты бааланган,
Ардактуу улуу тоолорум.
Дүйнөгө даңкы тараган,
Дүкөнү тоонун Сарыколум

 

Аязы, суугу артыкча,
Ак карлуу, көк-муз тоолорум.
Ак булут жоолук салынган,
Асылы тоонун Сарыколум.

 

Кен байлык каптап түпкүрүн.
Керемет улуу тоолорум.
Каухардан мончок тагынган,
Көркөмү тоонун Сарыколум.

 

ПАМИР

Памир
Дүйнөнүн төбөсү,
Ааламдагы бийиктиктен
Рекордсмен өзү.
Ленин, Коммунизм чокулары,
Көкту челип төбөсү.
Таштардын дүйнөсү
Түзүлгөн каттуулуктан.
Корумдардын көбү
Гиндикуш, Сарыкол кыркалары
Чубашып, чиркешип төөбү?

 

Памир
Сулуулуктун, дүйнөсү
Минерал, дары суулардан
Булактын көзү
Гарм-Чашама, Бахбур-Ата булактары,
Оргуштап түгөнбөс мөлбү?

 

Памир
Поэзиянын дүйнөсү,
Миршакардан, Каноaттан
Үйрөүп сөздү.
Гунт менен Мургабдын толкундары
Окшошуп ырдын көбүгү.

 

Тоолор көзгө сүйкүмдүү-тоолукмун да,
Тоолор менеп коштошуп, жолуктум да.
Too башында агарган кетпес карды,
Элестетем сенин ак жоолугума,
Анткени мен кыялкеч тоолукмун да

 

Мен тоолорду баарыдан жакшы көрөм,
Сүпүүмдү тепетең ага бөлөм.
Эгер тоолор негедир өңсүз болсо.
Поэзия боёгун ага сүйкөйм.

 

РАҢ-КӨЛ

Раң-Көл көздүн күзгүсү,
Чагылып тоолор бетине.
Шамалга каалгып, чайпалып,
Толкундар тийип эрдине.

 

Чокусу көккө сайылып.
Аскалар учтуу найзадай.
Эртелеп түшкөн көлөкө,
Көө сүртүп алган салаадай.
Шиберге ширен топоздор,
Кара таш тизген сыякгуу.
Сеңселип терскен адырда,
Кумдары көдөө, кыяктуу.
Көлдөн ары чыгышта,
Көйкөлгөн өрөөн мелтирейг.
Түгөйүн издеп жүргөндөй,
Түтүктөй куюн тентирейт.


ЖАЙЛООДО

Памирдин бийик тоосун араң ашып,
Күмүш күн мал жайытка нурун чачып.
Эмгек күүсү жаңырып тоо койнунда,
Чокудагы кийиктер элең качып.


Чак түштө алоолонуп от каланып,
Боз үйдө ысытмалап, зшик түрөт.
Кылда чоку зыркыраган суук аба.
Аркар, кулжа жуушаган көзү үргүлөп.


Күн нуру кызыл сүртүп батыш жакка,
Айылта маарап, чууруп койлор кайтты.
Ыргыштап таштан-ташка, колтук керип,
Түнөгүнө тоо эчкилер келе жатты.


Түнүндө жылдыз гана күлө карал,
Магдырап уйку соодо, бүт табигат.
Эртеңки тирүүлүктүн белгисиндей,
Таң сөтүлүп, чолпон да нурун чачат.


САГА

Мени сен кыз кезиңден сүйсөң керек,
Кездешкенде көзүң жанып күйчү эле.
Ал кездегү толмоч бетиң албырып,
Бышкан алма кейиптенип кызыл эле.


Сени мен сүйгөнүмдү сезсең керек.
Көрүшкөндө алаканың оттой эле.
Азыр неге уяласьң, тартынасьң.
Мурда андай мүнөзүң жоктой эле?


Тагдыр бизге буюрбады баш кошконду,
Неге азыр жолукканда ийменебиз?
Купуя ичибизден ылым санап,
Кайсы бпр жакындардай тиктешебиз.


Арадан көп жыл учуп өтсө дагы.
Элесиңди билбейм неге унутпадым?
Аялым сен жөнүндө кеп козгосо.
Дагы айтса деп ичимен тунжураймын.


Ал байкуш кайдан билсин биз тууралуу.
Эбиреп сени мактап көптү сүйлөйт.
Ичимде уюп жаткан махабатым.
Ал кезде кайнап, ашып бир бөскөрөт.

САРЫ-КОЛДОГУ ТҮН

Жылдыздар жыбырап ачык асман,
Пейли ток кенен жатат тоо өрөөнү.
Үргүлөп аркар-кулжа чарчагандан,
Түн турат сүйкөп алын кара көөнү.

 

Кометалар куйруктары чубалжып,
Өңүп кетет караңгыга из салып.
А кулжалар селт деп коюп кайрадан,
Үргүлөөдө жаны эми тынч алып.

 

Арсак зоонун азуулары арсанып,
Жаңы чыккан айды илип чокусу.
Ай нуруна аалам үстү чаңкайып,
Окшоп турат ак калпагы, топусу.

 

Жылга, жыбыт уктап жатат тунжурап.
Too булагы тилин безейт чулдурап.
Коомай жаткан коңулдагы таш гана,
«Шырт» дейт, кайра тынч турат.

 

Таң сөгүлүп чыгыш жактан жаркырап,
Муздак, таза жел аралап тоо койнун.
Боюн керип кайберендер кайкалап,
Басып кетет койкондотуп моюнун...

 

САРЫ ЗОО

Бийиктик улам-улам жогорулап,
Билинбей көк мейкинге колун сунат.
Аскалар чарт жарылган сынып-сынып,
Сыйкырдуу эч ким билгис сыр жашырып

 

Кол, буттун салаасындай жаракалар,
Капкара, түпсүз! терең үңкүрлөр бар.
Аркандын байламына чыдай албас.
Калкайып морт жаралган жука таштар.

 

Ажайып сулуу у болуп жаралгансып,
Көл чолпу жээкти өөn, улам шаншып,
Сары зоо сулуу көлдү кызганасың,
Күзгүдөн бпр көрүнсөң. бир жашылып.

 

БАДАХШАН

Бадахшанда тоолор биийк, тоолор туман,
Туу чокусун тиктесең туман түшкөн.
Too менен бой тирешип мырза терек.
Сулуу кыздай сымбаттуу боюн күткөн.

 

Мүйүзгө окшоп көктү челип аскалар,
Кайда барсаң кууш, тар капчыгайлар,
Гунт агат сүрдүү болуп. Боюн таштап,
Түрү бар Вахш менен күч сынашар.

 

Бийик тoo жылдыздарга байыр келип,
Асманында жылдыз ойноп, шапар тебип,
Качандыр упутулган махабатың,
Кайрадан сезимиңе да бир келип.

 

Улуттук ыштан кийген жарашыктуу,
Кыздар көп Бадахшанда ашкан сулуу.
Балбан билек жигиттери өткүр көздүү,
Баштан түшпөй кооз топу саймалуу.

 

Бадахшан сезимине таасир этти,
Мен көрдүм Kaуxap, жакут, асыл кеңди.
Too тешип. Ташты кескен кайраты бар,
Мен көрдүм эмгек сүйгөн баатыр элди.

 

Тоолор тагып мойнуна зымдан мончок,
Ильич шамы жарк этсе күндүзтө окшоп.
Бадахшан алгалай бер келечекке.
Жаралып коюнуңда чындык-жомок.

 

КОШУНАЛАР

Коңшуларым жакшы адамдар.
Колго кирбейт кээде табылып.
Көп мезгилде үч убак көрүшүл,
Эки колум боорго тартылып.
Айрымдарын күндө көрөмүн,
Баш ийкешип көрүшөбүз алыстан.
Кээ бирлерин айлал көрбөймүн,
Иши чытыл кетсе капыстан.

 

Айт, арапа, тойлор болгондо,
Чогулабыз баарыбыз калбай.
Айылчылал бардык үйлөргө.
Кыдырабыз бирин калтырбай.

 

Коңшуларым жакшы адамдар.
Колго кирбейт кэзде табылып.
Кээде чогулуп баарыбыз мүлдө,
Чакырышып, ичтен сырлар ачылып.

 

ЫЙМАН ЖӨНҮНДӨ

Ыйман жөнүндө сөз козголсо,
Мен буларды айтмакмын.
Баңгиликтен алыс болсоң,
Бакыт келет төбөңө.
Ыйман деген адамдыктын ынык чеги.
Ал көрүнбөйт көзүңө.
Бала кезде чоң атам акыл айтып,
Алба бычак ыйман качат адамдан.
Баш кесерлик, наадандык,
Чыгарат ап катардан.
Ыйман деген адамдыктын белгиси,
Аны изде адеп-ахлактан.
Бүгүн мен ата болгон кезегим,
Балдарыма акьл айтып келемин,
Пайда келтир туулган жерге,
Күрөш ачкын чындыкка.
Ыймандуулук азыр күчөп жатканда,
Сен да умтул чындыкка.

 

СҮЙҮҮ ТУРА

Көп келин-кыз келе жатса,
Биринчи ирет сени көрөт көздөрүм.
Канча ширин сөз уксам да.
Кулагымда калат сенин сөздөрүң.

 

Эмнеликтен билбеймин,
Сен мендиксиң дайыма.
Көрсө бизди мынча жакын сездирген.
Ортобузда алоолонгон сүйүү тура.

 

А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.