САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ: Орозбаев Кеңешбек

САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ: Орозбаев Кеңешбек

Орозбаев Кеңешбек Чөндөбаевич 1968-жылы 7-майда Тоолуу Бадахшан Автономиялуу областынын Мургаб районунда туулган.

Жогорку билимдүү, 1991-жылы Душанбе шаарында Маданият институтун бүтүргөн, Мургаб райондук маданий үйүнүн директору болуп иштеген.


Орозбаев Кеңешбектин адабиятка, ыр жазууга, болгон ышкыбоздугу мектепте окуп жүргөн мезгилинен башталган. Ырлары «Сары-Кол» газеталарына жарыяланып келе жатат.

 

Ыр кеседе ыр болсун

 

Ыр кесе ырдын түнөгү,

Ыр деген амур мүрөгү,

Ырсыз жашоо жашообу?!

Ыр менен өмүр сүрөлү.

 

Ыр менен көңүл ачылат,

Ыр менен көңүл табылат,

Ашыглык сүйүү ыр менен

Жүрөктүн оту жагылат.

 

Ыр менен бирөө сагынат,

Ыр менен бирөө жагынат.

Сүйүүнүн күчү ташкындап,

Дарыя болуп агылат.

 

Сары-Кол биздин жерибнз,

Ышкыбоз ырга элибиз,

Оюн-күлкү, шаттыкта,

Ыр менен биздин демибиз.

 

Ырдашат сулуу кыздары,

Ырдашат күүлүү балдары.

Укумдан -тукум азалтан,

Ырдашат кемпир-чалдары.

 

Ынтымак болсун ыр болсун,

Заманыбыз тынч болсун,

Жакшылыктын белгиси.

«Ыр-кеседе» ыр болсун.

2000-жыл

 

Жаш жүрөктү жараладың

 

Алгачкы ак сүйүмдү баалабадың,

А балким баласынтып каалабадың,

Жүрөктү эзип турат, зстен кетпей,

Мен сага ашык болгон балалыгым.

 

Эстесем балалык ал, күндөрүмдү,

Кайгыга муңга салат жүрөгүмдү,

Жагымдуу жамалыңа куса болуп,

Сагындым жалгыз сенин, бир өзүңдү.

 

Көп кыздан жалгыз элең каалаганым,

Теңсинтпей жаш жүрөктү жараладың,

Тагдырым сени мага жаратса да,

Билбеймин мен ким үчүн жаралганмын.

1994-жыл

 

Тагдырыма тарынамын

 

Илебимден илебиңдин,

Ыссьгы кетпей калды,

Бирок сүйүүм ойлогон ой,

Максатына жетпей калды,

 

Тагдырыма тарынамын,

Өкүмүнө багынамын,

Илебимден илебиңдин,

Даамы кетпей сагынамын.

 

Эркелигиң эстен кетпей,

Илебиңдин даамы кетпей,

Көңүлдөшүм көп жүдөдүм,

Көңүл сенден танып кетпей.

 

Оо перим, оо перим.

Оюмдан кетпедиң,

Ак-сүйүүм, ак сүйүүм,

Кадырыңа жетпеда.

1994-жыл

 

Сен болбосоң

 

Жүрсөм дагы өз эркимче, менчилеп,

Жүрөк сыздайт такай сен деп, сенчилеп.

Тагдыр мага, сага деген сүйүүмдүн,

Таш боордугун бергенби дейм энчилеп.

 

Билбеймин, мага кандай аял кезигет?

Билбеймин, неге? Жүрөк сен деп эзилет.

Сен болбосоң, сексен аял алсам да,

Сенсиз өмүр өтпөйт окшоп сезилет.

 

Жалган жашоо, бул дүйнөдөн өтөр, кетер,

Жан берерде, сүйүүм менин кошо кетер.

Жалган сүйүү капканына кабылып,

Сүйүүгө күйүп өткөн ошо дешер.

1996-жыл

 

Унутулбас улуу ысмы Агахандын

 

Бактыбызга кудай таала жазганбы?

Агахандан келип турган жардамды,

Агахансыз биздин жашоо эмне болмок?

Же туугандар! Бул айтканым жалганбы?

 

Ай көлдөгү жанда жок ааламда,

Таазим кьлып турабыз Агаханга,

Имамы заман, Агаханды жараткан,

Амирина айланайын Алла таала

 

Кудай таала алдында себеп болуп,

Бадахшандын бактысына седел болуп.

Унутулбас! Улуу ысмы Агахандын,

Түбөлүк, дилибизде белек болуп.

1996-жыл

 

А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.