САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ: Батма Оторбаева (1948-1999)

САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ: Батма Оторбаева (1948-1999)

Ризбан Турсун кызы (паспорт боюнча Батма Оторбаева) 1948-жылы Мургаб ранонуна караштуу Кызыл-Рабат айлында туулган. 1953-жылы энеден жетим калып таэжесинин колунда чоңойгон. 1957-жылы Мургаб районундагы балдар үйүне алынып, ошондо тарбияланган. Ризван Турсун кызы (Багма Оторбаева) беш баланын энеси болгон.


Батма Оторбаеванын көптөгөн ырлары жергиликтүү «Мургаб коммунисти» («Сарыкол») газетасына жарыяланган окурмандар арасында таанымал ынсан эле.



ТУУЛГАН ЖЕРИМ

Ак-Суум киндик каным төккөн жерим,
Жүрөккө кубат берет сенин демиң.
Сеңселтсе ак чачтарым шамал серпип,
Төккөнсүйт улуу тоолор эне мээрим.


Картайткан кылымдарды кымбат жерим,
Өзүнчө дастан туура ашуу-белиң.
Улуу тоолор күбө болуп кубанычка,
Кайгысын тең бөлүшөт букара элге.


Ак-Суум топурагы менин денем,
Гүл бураган таза абасы алган демим.
Суулары жүрөк каным тең айлантат,
Адашкан татдырынан кызын менмин.


Кымбатым Ата Журтум, тууган жерим,
Кыйналып жетпей сага кейийт зээним.
Куш болуп каплеттен кайып учуп,
Канатым талганча жетсем деймин.


Ак-Суум мазар карда, ыйык жерим,
Можу ташың мончок кылып таксам деймин.
Too ташың топурагың тооп кылып,
Баш ийип, таазим этет кызың сенин.


САРЫКОЛУМДУН АЙЫМЫ

Неге сүйкүм жылмайыңкы карашың,
Жүрөктү эзип, шам чырактай жанасың.
Сыйкырлады, бийлеп алды көңүлдү,
Сенин ошол жалындуу көз карашың.


Сүйөм сени Сарыколумдун айымы,
Алоолонуп ак сүйүмдүн жалыны.
Сүйүүм назын жаралады жүрөктү,
Сүйүүм дечи жай атдырып жанымды.


Гүлгө окшойсун бажырайыи ачылган,
Карегиңден каухар оту чачылган.
Тагдыр бизге тартуулады таалайды,
Кучак жайып сылайм жибек чачыңды.


Көңүл каралап сенден сыздайт бозоюң,
Жүрөгүңө жүрөгүмдү кошойун.
Каалабасаң канжар уруп басып кет,
Жүрөгүмдүн толтосуну тосойун.


Жактыңыз, сүйүүм зкен мүнөзүңүз,
Жүрөктүн кусадары бир өзүңүз.
Сакталат жүрөгүмдөн байыр агып.
Айтылган балдан таттуу сөздөрүңүз.


АК МЕРГЕН

Келемин мен Ак-Cyyra сапар тартып,
Кубанып жүрөк ысып, денем балкып.
А бирок тосо чыккан өзүң жоксуң.
Заматта денем муздайт таштай катып.


Ак мерген аталышым кайда кеттиң,
Төкпөдүң балдарыңа ата мзэрим.
Сагынып сар-санаага барып канча,
Издеймин арасына тууган элдин.


Бир тууган болуп бирге жашабадык,
Азгырып тагдыр бизди, бакыт качып.
Отурам мен үйүңдө өзүң жоксуң,
Жүрөккө кайгым батпай толуп ташып.


Энеден жетим калып, азап таптың,
Үйлөнүп уул таптың, кызды таптың.
Уулдан урмат, кыздан кызмат көрбөй,
Аттиң, ай муздак жерге неге жаттың.


Көрбөдүң бул дүйнөнүн жыргалыны,
Окудум сен калтырган ырларыңды.
Тилинип өпкө боорум сыздап кепи,
Кандуу жаш төгүп жүрөк, көпкө ыйлады.


Сезимде неге унчукпайм, мундуу добуш,
Сезилет томсоргондой Ата конуш.
Дирилдеп жүрөктү эзип колун, тийген,
Илинип төрдө турат, үч кыл комуз.


Ак мерген айла канча, арга барбы,
Атылбай аскаларда аркар калды.
Ар дайым аркар атып, чучук берген,
Аттиң ай Ак-Мергенди ажал алды.


Ак-Таштын аскасындай бийик таксын,
Урадың, жер кучактап, тозуп кеттиң.
Өчпөстөн атың Жусуп, Медер ырдайт,
Ак Мерген балдарыңды колдоп жаткын.

ШУМКАР
(Дооронбек Садырбаевге арналат)

 

Айтылуу Памир, Сарыкол асыл жердин,
Өнөрлүү ак калпакчан кыргыз злдин.
Даңазалап ааламга үрп-адатын,
Ак Шумкар Ала-Тоодон учуп келдиң.

 

Салт-санаасы буюгуп жатчу чыкпай,
Сарыкол элин аалам көрдү, кулак укпай.
Даңазасы жер жаңыртты экранда,
Дүйнө жүзүн сабалап учкан куштай.

 

Даңазалап дуйнөгө эне даңкын,
Алаканга көтөрүп ал аял баркын.
Тукумун таркаттуучу кыргызымдын,
Сулуулугун, назиктигин аял заттын.

 

Элжиреп ийип кетти эне сүтү,
Көкөлөтүп көтөргөндө аял баркын.
Сизге бүгүн аял заты таазим кылат,
Ак сүт менен ак батасын кабыл алгын.

 

Ак шоола нур төгүлгөн жайкы таңда,
Ак Шумкар талбай учкун бүт ааламга.
Чабыттап кыргыз изде, дүйнө кезип.
Карууда күч, жүрөгүңдө жалын барда.

 

САРЫКОЛУМ

Ыйык жер, ата журтум, Сарыколум,
Көз ачып сен өзүңдөн гүлгө оролдум.
Жазыксыз бала чактын доорун сүрүп,
Атыр, жел, тоо койнунда мен чоңойдум.

 

Колдосо Шаймак-Ата, Бахбур-Ата,
Эр жетип билим алып келем сага.
Алмашпайм тоо-ташьңды, алтынга да,
Сарыколум кызын күтүп, көпкө жаша.

 

Төрөгөн апакемдей бүт чар тарап,
Толкундап махабатым ташып барат.
Өзүңдөн билим атып, бойго жетип,
Учсам дейм тоо талааңа канат жасап.

 

АГАХАНГА

Бир кайрылып артын карасаң,
Өзгөрүлгөн шумдук заманаң.
Азап чеккен Памир калкьңа,
Жардам берип жашайт Агахан.

 

Күн нур чачкан чыгыш тараптан,
Берекеге толсун Бадахшан.
Сизге бүгүн таазим этебиз,
Бактылуу бол байке Агахан.

 

Адилеттик жолун самаган,
Алсыздарды жөлөп таяган,
Кары, картаң, жетим-жесирди,
Багып жатат барчын Агахан.


Мен ыраазы Аллага,
Канчалык мээнет берсе да.
Өзүмдөн кеткен бардьгы,
Өзөккө ажал келсе да.
Башаты шоола ак тандын,
Күнөөгө шончо батканмын.
Мына ушул мээнет, бул шордун,
Баарын өзүм тапканмын.


Тал көктөп, бүчүр жаз болот,
Талпынып учар каз болот.
Ыраазы болом миң мерте,
Бул күнүм мага аз болот.


ЭСКЕРҮҮ

Сагынам беш жашымдан ажырагам,
Эңсеймин бир көрүүгө жок го аргам.
Гүл коюп бейшиңе ыр сунайын,
Ишенич болбогон соң башкача айлам.


Зарыгып эстейм эне элесиңди,
Ишенттиң көз алдыма тартылбайсың.
Ишенчи, эңсөө менен мен картайдым.
Неге эне мынча менден алыстайсың.


Маңдайда жанган чолпон жылдыз элең,
Асмандан жылуу нурун мага берген.
«Ризбан» мага арнаган эне аты,
Тагдыр ай алмашылган Батма менен.

 

А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.