САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ: Убайдилла Садирбаев

САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ: Убайдилла Садирбаев

Садирбаев Убайдилла (Майрамбек) Мачиевич 15-май 1965-жылы Мургаб районунун Кызыл Рабат кыштагында тууулган.

 

1972-1982-жылдары мектепте окутан. 1985-жылы Дүйшөмбүдөгү Финансы-экономикалык техникумунун укук таануу факультетине кирип, аны 1987-жылы артыкчылык диплому менен бүтүргөн. 1987-жылы Тажик Мамлекеттик Университетинин юридикалык факультетине тапшырып, 2 жыл күндүзгү бөлүмүндө, андан кийин сырттан окуп бүтүргөн.

 

 

1996-жылдын апрель айында ТР Президентинин Указына ылайык Мургаб ранондук сотунун төрагасы болуп, андан соң 2001-жылы ТР Президентинин Указы менен бул кызматына экинчп жолу дайындалган.

 

Үй-бүлөлүү. Беш баласы бар. «Атаганат арман ай», «Ашыглык», «Туздуу махабат», «Садагам», ж. б. бир нече ырлардын автору.

 

Ак-Суум

 

Тоолордо жашыл көктөм

Токтотбойт мезгил өктөм

Токтомуш бешигинде

Төрөлүп өзүм өскөм

Ак-Суум ардагымсың

Атамдын өмүрү өткөн.

 

Шаймагым алтын аскам

Алгач мен кадам баскан

Кайрылбай өткөн күндөр

Аттиң ай ал күндөрдү

Көрсөм дейм кайра баштан.

 

Бакбурум бакыт кенчи

Балаңа бата берчи

Баркыңды билбепмин го

Балалык да бир келчи

Чак түштө ойлономун

Жакынбы өмүр кечи?!

 

Классташтарыма

 

Баалуу дешет бардык жерде

Бадахшандын асыл таштарын

Алардан да баалуусуңар мага

Бар болгула классташтарым.

 

Классташтарым бпр туугандай ыйманы ысык

Көбөйдү го чачтын ак кештелери

Канат жасап кыялдан учуп кеткен

Балалыкты чогулгула, эскерели

 

Классташым алгач сүйүүм, махабатым

Сенден сүрдөп бүт денем чымыраган

Унутбадым көп жылдар өтсө дагы

Илебиңдин табыны шыбыраган.

 

Классташым, акыреттик асыл досум

Жаштык кетти мезгил минтип зымыраган

Билесизби балалык ээрчип кеткен экен

Күлкүсүнү кыздардын шыңгыраган.

 

Классташым кыяматтык жубайым сен

Тартуулаган балалыкты кайра-кайра

Түгөнөрүн белгилеп агып жатат

Адамзаттын арманы өмүр дайра.

 

Энеме

 

Эң бир кымбат асыл адам энедир

Энеси жок ал бактысыз немедир

Эч бир айып кылбаса да тагдырга

Мен окшоштун знеси жок негедир?!

 

Эне сенспз таң ордуна кеч кирген

Эстеп сени жаш жүрөгүм эчкирген

Эми мага мээрим төгүп нур чачса да

Мен эне деп эркелебейм эч кимге.

 

Эгер бнрөө энеке деп боздосо

Чыдай албай кайгырамын мен кошо

Кандай сонун болор эле аттиң ай!

Жер үстүндө энесиздер болбосо!

 

Мен жыттасам кызымдын саамайынан

Эске түшөт өпкөн энем маңдайымдан

Алыстатып энемдин элесини.

Алып учкам убакыт кандай ылдам.

 

Кыйначу элем тилин албай, сөз укпай,

Азыр болсо мен ыйласам сен укпай.

Мемиреген уйкудасың түбөлүккө,

Мен мүрзөңдө турам жашым бурчактай...

Мен мурзөңдөн шүйкүм кылам кучактай...

Мен мүрзөңдү карай берем кылчактай...

Атаганат арман ай

 

Биз экөөбүз баш кошуп

Бирге өмүр сүрбөдүк

Өмүр өгүп кетсе мейли

Бирге ойноп күлбөдүк

 

Кайырма:

Атаганат арман ай!

Сага жетпей калган ай

Бактылуу бол сүйгөнүм

Сүйүү деген жалган ай!

 

Көктө десем нур кызын

Көзүм көрдү жерде экен

Сүйгөнүнө жетпегендер

Өмүр сүрдүм дейт бекен?!

 

Кайырма:

 

Эми сендей таба албайм

Эрден чыксан ала албайм

Менсиз өтөр өмүрүң

Мен экинчи жаралбайм,

 

Кайырма:


Тоодогу махабат


Чокусу мөңгү жылгалар

Чогулуп качат кулжалар

Чок түшкөн жүрек жарасын

Чаарасы барбы жылмалар?!


Улама, кыркы ар кырлар

Узактан качат аркарлар

Ууртайм деп сүйүү балыны

Ууланган нечен залкарлар.


Ала бел теке аскада

Ала албайт мерген атса да

Алдаба байлык, бийлик деп

Асылкеч көөнү башкада.


Эчкилер ээн коктуда

Ээрчишип качат чокуга

Өчүрөт экен убакыт

Жүрөккө түшкөн чокту да!


60 жаш


Текелерге тик чоку ээн талаа мекен

Тентектикке тең келген жаш бала экен

Теңтуштардын тегереги азайып

Тез эле өмүр алтымышка барат бекен?!


Аркарлардын көзү көркөм кара экен

Ата албасам деле аңдып бара берем

Алтын өмүр аккан суу, аткан октой

Акырындап алтымышка барат бекен?!


Кулжаларды кууп аткан мерген экен

Кудайым куп бак-таалайды берген экен

Бар болуңуз бөбөктөрдүн пири болуп

Берекелүү Сары-Кол жергем менен!

 

А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.