Сары-кол элдик оозеки чыгармалар: Жумабаев Абдыкаар

Сары-кол элдик оозеки чыгармалар: Жумабаев Абдыкаар

AbdykaarАбдыкаар Жумабаев 1948-жылы Мургаб районуна караштуу Чечекти айылында төрөлгөн. 1958-жылынан тартып мектеп окуучусу болуп, 1967 жылы №1 орто
мектебин бүтүргөн.


Ошол жылдан тартып Ош Мамлекеттик Педогогикалык Институтунун Физика-Математика факультетинин студенти болуп. 1971-жылы аяктаган. Жогорку окуу жайын бүтүргөндөн кийин, мектептер кызматчысы болуп иштеген. 1988-жылдан, 1993-жылга чейин Кара-Көл айылындагы орто мектелтин директору болгон.

 

Абдыкаар Жумабаев студенттик жылдардан тартып эле өзүнүн чыгармачылык жолун баштаган.

 

1986-жылы Ак-Байтал аттуу легендасы биринчи "Мургаб коммунисти» газетасында жарык көртөн. Мындан тышкары көптөгөн легендаларды жана ырларды жараткан. Ырларынын арасында турмушка, өткөн окуяларга, жер бетине жана башка нерселерге арнап чыгарган ырлары бар.

 


"Бурхан өлдү"

(уламыш)

 

Бийик тоолуу Памирде
Бир кайберен жашаптыр.
Ал жерде анын турганы,
Алтымыш жылга караптыр.
Мергенчилер ата албай,
Аябай чарчап жатыптыр.

 

Кийиктерден бөлүнүп,
Өзүнчө байыр алчу экен.
Оттор мезгил болгодо,
Тетири жака барчу экен.
Өнүт бербей эч качан.
Эсен-аман калчу экен.

 

Бурхан мерген бир жолу.
Ошол жакка барыптыр.
Тым аттырбас кийикти.
Андып жатып калыптыр.

 

Ал ангыча кийик да.
Берилип отко кириптир.
Бурхан мерген дабышын.
Кулагы таамай илиптир.

 

Кийик качты жүгурүп.
Жогору карай дүүлүгүп.
Мерген мылтык шыкаалап,
Машаа басты үлгүрүп.

 

Кийикти мээнет тороду,
Коргошун чагып колуну.
Үч буттап зоого тырмышты,
Тапты үңкур-коңулду.

 

Мерген артта калбады,
Кол-бутун таштар аймады.
Аскадан ылдый жылбышып,
Тектирге түшүп барганы.
Ыргып кетип мылтыгы,
Мерген кармай албады.

 

Быт-чыты чыгып бөлүнүп,
Мылтык кетти алыска.
Мергенге жол табылбай,
Андан ары барышка.

 

Кайберен чыгып кеп айтат,
Кеп айтканда деп айтат:-
“Бурхан мерген сен бизге,
Илгеркиден душмансың.
Кайберендин көбүнү,
Тукум курут кылгансың.

 

Келме кезек деген бар,
Келди кезек сага да.
Чыга албай тектирден,
Өлгүн эми аскада”.

 

Деди дагы кайберен,
Көздөн кайым болгону.
Кайтарып жооп айтпады.
Мергенде дарман калбады.
Кайра чыгып кетүүгө,
Мерген далай умтулду.
Алды-арты жылга зоо,
Мындан кантип кутулду.

 

Ошол зоодо мергендин,
Сөөгү калган сакталып.
Зоо да турат дагы эле,
‘"Бурхан өлдү” аталып.

 

 

-//-



Сары-колдун Аличор жери тууралуу

(уламыш)

 

Карасак артка кылчайып,
Кылымдар өткөн мунарык.
Адамзаттын жашоосу,
Тарых болуп узарып.

 

Ошол алыс мезгилде.
Бадахшанды ал кезде.
‘Гөйстан” деп аташчу,
Байланыш жок арт жактан.
Эл бөтөнчө жашашчу.
Кыя жол менен бириндеп,
Тажик эли жөө басчу.

 

Азирет Али пайгамбар.
Дулдул деген аты бар.
Шол аты менен алыска,
Улаган узун жол сапар.

 

Тажик эли жашаган,
Балыгы анын ‘Гөйстан”.
Динге салып жалпыны,
Агартууну самаган.
Ислам үчүн берилип,
Иштеген экен ал адам.

 

Дулдулун минип пайгамбар,
“Гөйстанга” келген дейт.
Каршылык кылган эл болсо,
Урушуп катуу жеңген дейт.
Динди кабыл алгын деп,
Тапшырманы берген - дейт.

 

Буйругун берип жалпыга,
Гөйстандин калкына.
Кайра дагы келем деп,
Кайткан кезде артына.
Кең өрөөнгө туш болот,
Отко коет атыны
Кош колудан тушоолоп,
Кызыгып абдан дулулулу.
Кеч киргенче көп оттойт.

 

Ошол жерде башкача.
Ширин таза чөп өскөн.
Дулдул башта мындайды,
Оозго алып көрбөгөн.

 

Жөнөөргө жетип убакыт,
Пайгамбар атын чакырат.
Дулдул отко кызыгып,
Келбей коет батыраак.

 

Токтото албай Сабырын,
Ачуусу келип Алинин.
Атыны тутуп жүгөндөп.
Ага бачым минген дейт.
Алыска жөнөр аллында,
“Чөлгө айланып калгын”- деп.
Жерди каргап ийген дейт.
Кийин чөп өспөй, чөлгө айланып.
Ал жерге каргыш тийген дейт.

 

“Алинин чөлү" аталып,
Элден элге сакталып,
Жылдар жылга уланып,
Өткөн узун убакыт.

 

Сөз мааниси өзгөрүп.
Али чор дешип аташкан.
Кийинки муун ал жерде,
Кадимден бери жашаган.

 

Мал жайласа жайлоо төрүнү,
Оттошуп асыл чөбүнү.
Андан бери ошол жер.
Өткөрдү мезгил көбүнү.
Аличор азыр даңдылуу,
Сары - Колдун бөлүгү.

 

-//-

 


Төкмөлөрдүн жолу менен

 

Атты жайдак мингенде,
Теңи болот турбайбы,
Зр жигиттин таянган,
Эли болот турбайбы.
Жаш адамга санаалаш.
Теңи болот турбайбы.
Көйнөктүн көркүн чыгарган,
Жеңи болот турбайбы.
Кыз сымбатын чыгарган.
Бети болот турбайбы.


Кадырын билген адамдын,
Жакшы болот турбайбы.
Жакшы адамдын элине,
Баркы болот турбайбы.
Ар улуттун өзүнчө,
Салты болот турбайбы.
Баатырдын атын угузган,
Даңкы болот турбайбы.
Сагыр бала көңүлү,
Жарты болот турбайбы.
Тиричилик жашоонун.
Алпы болот турайбы.


Тоонун көркүн чыгарган,
Мөңгү болот турбайбы.
Адамзатта эң керек,
Көнүлү болот турбайбы.
Көнүл сыйлап, парк билбес,
Акмак болот турбайбы.
Алтын, күмүш ар түр кен,
Жерде болот турбайбы.
Асыл ойлор айтылган,
Сөздө болот турбайбы.
Сөз кадырын кетирген,
Азил болот турбайбы.

 

Кош душманың оокатта,
Өздө болот турбайбы.
Аттын көркү сенселип,
Жалыда болот турбайбы.
Асыл ойлор акылдуу,
Капарында болот турбайбы.
Пычагыңдын сымбаты,
Сабында болот турбайбы.
Напси ... тирүүнүн,
Баарыда болот турбайбы.
Тыя алган напсини,
Аз-аздан болот турбайбы.
Аялдардын жолдошу,
Казан болот турбайбы.
Балыктардын барктуусу,
Сазан болот турбайбы.

 

Таң эртеңден угар сөз.
Aзan болот турбайбы.
Азан, намаз адамды,
Адал кылат турбайбы.
Уйку жана жалкоолук,
Залал кылат турбайбы.
Акча деген адамды.
Сараң кылат турбайбы.
Тирүүлүктө өмүрүң,
Жанган оттой турбайбы
Өткөн өмүр, өткөн күн.
Арман болот турбайбы.
Асыл жанды барктаган,
Алтан болот турбайбы.
Бул дүйнөдө чиркин ай.
Жалган болот турбайбы

 

-//-

 

 

ИБРАГИМ БААТЫР

(Кайсыл мезгилдерде, кимдер менен согушкандыгы так айтылбаган)

 

Тарыхта болуп түркүн бурулуштар,
Майда, чоң өткөн экен көп уруштар.
Ар бири алып келип кайгы-муңду,
Кас бир-бирине ар улуттар.

 

Тарыхтын ошондой бир барагына,
Мындагы Алайчы эл тарабында.
Сырт жактан басып келген душман менен.
Аябай тарсылдаткан чоң чабуулда.

 

Ибрагим баатыр экен, кайтпас экен,
Душманды ат үстүндө бирден терген.
Кайраты, айбаты да ашып-ташып,
Канча жоо кармашса да жалгыз жеңген.

 

Алыстан качкан кезде жаа тартылып.
Жебелер ажал издеп учуп кайкып,
Бул уруш абдан күчтүү жүрүп жатты.
Эчендер дүйнө менен кош айтышып.

 

Урушта Ибрагимдин жаагын көзөп,
Жаа огу андан ары учуп өтөт.
Кийизден тешик жаакка тыгып коюп,
Согушту улантат ал жолду бөгөп.

 

Ал жерден далайыны кырып жоонун,
Ашырган арт жагына Алай тоонун.
Кийинчерээк ал жаагы тетик болуп,
Аш ичсе кыйшайтчу экен жаагы, озун.

 

Кийинки муун баба-баатыр атын угуп,
Айтышат ал жөнүндө жыйын куруп.
Келдибек уулу Ибрагим баатыр дешип,
Даңкы калган найман элинде аты чыгып.

 

Сары-Булак. Бирсууну кылган менен,
Бабабыз Ибрагим баатыр экен,
Бабанын баатырдык бир үзүмүн.
Аз гана жазып койдум ыр менен.

 

 

Ак-байтал ашуусу

 

Ак шейшеп болуп кийими,
Аралап өтөп кийиги.
Асманга тийген азуусу,
Ак-байтал ашуу бийиги.

 

Чапкындап бороон, куюну,
Памирдин түндүк уюлу.
Абасы сейрек, түтөк күч,
Ак-байтал ашуу кыйыны.

 

Көңүлгө берип көп элес,
Мөнгүлөр орноп кебелбес.
Ашуулардын эч бири,
Ак-байталга тең келбес.

 

Арасы муз тоо ак беттен,
Ашууну кечкен, муз кескен.
Ак-байтал ашып жол салган,
Заманымдын күчү экен.

 

 

Гөр-Тузак

(Жер жөнүндө уламыш)

 

Жыл артынан жыл чубап,
Мезгилдер өтүп көп узак.
Илгери мында эл жашап,
Койгон аты Гөр-Тузак.
Себебин тактап сурасак,
Карыялар сөз улайт:-
«Курал да жок. капкан жок,
Ал кезде мергенчилер аң улайт.
Ошондо Сары-Кол жээгинде,
Кийиги абдан көп экен.
Короо-короо топтолуп,
Жашагаи дешет гайберен.
Аңчылар тоого барышып,
Ыңгайлуу жерди табышкан.
Жолдун мерчем жериден.
Гөргө окшотуп казышкан.
Терең казып чункурду.
Үстүнө саман жабышкан.
Качканда кийик дүрдүгүп,
Кыя жол менен жүргүзгөн.
Саманы төмөң күбүлүп.
Кийиктин айрым бирөөбү,
Чункурга түшкөн мүдүрүп.
Чункур тузак ал кезде,
Ушул жерде көп экен.
Аны билбей, байкабай.
Колго түшкөн гайберен.
Бара-бара бул ыкма,
Унутулуп кетиптир.
Мергенде курал көбөйүп,
Чункурлар толуп, бекиптир.
Убакыт өтүп алыстап
Тузакка кийик алышпай,
Ал жердин аты сакталып,
Аташат азыр Гөр-Тузак.

 

"ПАМИР КЫРГЫЗДАРЫ"

Жумабаев Абдыкаар

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.