Памирлик кыргыздар үчүн Ошто шаарча курулат

Памирлик кыргыздар үчүн Ошто шаарча курулат

Ош облусунун Чоң-Алай районунда афганистандык кыргыздар үчүн жаңы шаарчанын курулушуна 26-сентябрда президент Садыр Жапаров капсула салды.


Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, шаарчада жалпы 300-400 турак-жай салынышы пландалууда.


Ошондой эле, анда 275 орундуу жалпы билим берүүчү мектеп, саламаттыкты сактоо жана башка социалдык объектилер да курулат.


pamirlik-kyrgyzdar-ch-n-oshto-shaarcha-kurulat 2Аталган шаарча үчүн Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылынан 30 гектар жер бөлүнгөн.


"Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен каражат бөлүнгөн, ошондой эле айрым объектилердин курулушу "Ассанабил" коомдук кайрымдуулук фондунун көмөгү менен жүргүзүлөт", - деп айтылат президенттин сайтында.


Президенттин басма сөз кызматы кошумчалагандай, памирлик кыргыздарды Кыргызстанга ушул жылдын аягына чейин көчүрүп келүү пландалып жатат.


Быйыл жаз айында Памирден көчүрүлүп келинген 44 кыргызга Кыргызстандын жарандыгы берилген.


Афганистандын түндүгүндө жайгашкан Кичи жана Чоң Памирдеги кыргыздар деңиз деңгээлинен 4-5 миң метр бийиктикте жашайт. Алардын турмушу оор жана медициналык тейлөө жок. Ошол себептен өлүм-житим көбөйүп, элдин саны азайып кеткен.


2008-жылдары памирлик кыргыздардын саны 2 миңдин айланасында болсо, учурда 800дүн айланасында деп айтылат.


Кыргызстан ооган өкмөтү менен келишим түзүп, 2017-жылы билим берүү үчүн 17 памирлик баланы алып келген болчу.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены