Үсөн эгизи Асан менен Кыргызстанга кире албай калышына Баткендеги окуя себеп болгондугун айтат

Үсөн эгизи Асан менен Кыргызстанга кире албай калышына Баткендеги окуя себеп болгондугун айтат

Тажикстандагы этникалык кыргыз Үсөн Пармановдун Бириккен Араб Эмираттарынын Рас-эль-Хайма шаарында эмгектенет. Анын менен Turmush басылмасынын кабарчысы маек курду.


«Мен Тажикстандын этникалык кыргыздар жашаган Сары-Кол (Мургаб) районунда туулгам. Мен туулуп-өскөн жерде жалаң гана кыргыздар жашап, бир нече кыргыз мектептери бар. Дал ошол кыргыз мектептерини бирин аяктагам. Балким ошондуктан Кыргызстан мен үчүн эч качан чет өлкө катары саналган эмес. Ал мектептерде Кыргызстандын окуу куралдары колдонулуп, ал эми тажик тилин бир предмет же болбосо чет тили катары окуганбыз. Мектепти аяктаган соң Бишкек шаарына келип, кыргыз-түрк «Манас» университетинин графикалык дизайн факультетине тапшырдым. Ал жакта 3-курска чейин окуп, алмашуу программасы аркылуу Түркиянын Ыспарта шаарындагы Сулейман Демирел университетинде окуумду уланттым. Учурда Бириккен Араб Эмираттарынын Рас-эль-Хайма шаарында турам. Бул жакка келгениме 4 жылдын жүзү болду», - деди ал.


Каарманыбыз Рас-эль-Хайма шаарына кантип барып калгандыгын айтып берди.


«Ал кезде Бишкектеги соода борборлорунун биринде маркетолог болуп иштеп жүргөм. Анан Дубайда иштеп жүргөн эгизим Асан: "Бул жакка сүрөтчү керек экен" деп калды. Арт студия менен болгон маектешүүгө катышып, бир нече сүрөтүмдү көрсөтүп, өтүп кеткем. Мага өздөрү виза ачып, учакка билет алып беришкен. Бул жакка келген соң кадимки сүрөтчү катары иштеп жүрдүм. Күндө отуруп алып сүрөт тартчумун. Бир жылдан кийин офиске дизайнер керек болуп калыптыр. Иштеген компаниянын жетекчлигине резюме жиберип, учурда өз кесибим боюнча дизайнер болуп иштеп жатам. Эгизим Асан дагы сүрөтчү. Экөөбүз чогуу окуганбыз, болгону бөлүмүбүз башкача эле. Асан көркөм өнөр багытына, мен дизайнга окугам. Башында бир жерде иштеп жүргөнбүз. Андан соң ал Абу-Даби шаарындагы студияда эмгектенип калды. Жакында эле сүрөтчүлөр арасында өткөн фестивалда ийгиликке жетип, алдыңкы 3 сүрөтчүнүн катарын толуктады», - деди ал.

 

s-n-egizi-asan-menen-kyrgyzstanga-kire-albai-kalyshyna-batkendegi-okuia 2 s-n-egizi-asan-menen-kyrgyzstanga-kire-albai-kalyshyna-batkendegi-okuia 3

 

Ү.Парманов жашаган жеринин өзгөчөлүктөрү боюнча кеп кылды.


«Мен жашаган 7 эмирликтин бири — Рас-эль-Хайма (араб. رأس الخيمة‎) шаарынын аталышын араб тилинен которгондо, "чатырдын башы" деген маанини туюндурат. Картадан караганда, жер учтуу болуп, чатырга окшошуп кетет. Абасы башка, араб өлкөлөрүндөгүдөй ысык. Деңиздин жээк жактары жашыл түскө боёлгон. Андан ары тоолору да бар. Экономикасы жагынан 7 эмирликтин ичинен ылдыйдан өйдөнү карай 2-орунда турат. Тактап айтканда, башка эмирликтерге салыштырмалуу бай эмес. Бирок тынч, кооз жана таза жер. Эли жөнөкөй, меймандос келишет. Ошондой эле эч жакка шашпаган сапаттары бар. Бул жакта башка шаарларга салыштырмалуу убакыт жайыраак өткөндөй сезилет.

Жакында эле Абу-Даби шаарынын чоң жолдорунун биринде катуу ылдамдыкта баратып, дөңгөлөгүмдүн шинасы чыгып кетип, араң токтодум. 1 мүнөткө жетпей, полиция кызматкерлери дөңгөлөк алмаштыруучу жабдыктар менен келип, жадагалса дөңгөлөгүмдү алмаштырып беришти. Андан соң мага ак жол тилеп узатып коюшту. мен мындай жардамчы жана боорукер полицияны эч жерден көргөн эмесмин. Ошондон бери полицияга кызматкерлерине болгон мамилем өзгөрдү», - деди ал.

 

s-n-egizi-asan-menen-kyrgyzstanga-kire-albai-kalyshyna-batkendegi-okuia 4 s-n-egizi-asan-menen-kyrgyzstanga-kire-albai-kalyshyna-batkendegi-okuia 5 s-n-egizi-asan-menen-kyrgyzstanga-kire-albai-kalyshyna-batkendegi-okuia 6

 

Анын айтымында, Кыргызстанга кире албай калышына Баткендеги окуя себеп болгон.


«Учурда Тажикстандын жараны болгонума байланыштуу Кыргызстанда жашаган ата-энеме, бир туугандарыма бара албай жаткан кезим. Буга Баткен облусундагы кыргыз-тажик жаңжалы себеп болду. Тажикстанда жашаган Мургап жана Жерге-Тал райондорунда жашагандардын Кыргызстан менен байланышы өтө тыгыз болчу. Бардык тажик жарандарына Кыргызстанга кирүүгө тыюу салынгандан бери жакындарыбызга бара албай жатабыз. Орто жолдо биз этникалык кыргыздар кыйналып жатабыз. Жок дегенде аба каттамдары аркылуу кирүүгө уруксат берүү чечими кабыл алынат деп терең ишенем.

Ата-энем жана бир туугандарым Жалал-Абад обулсунда турушат. Үй-бүлөдө 7 бир (6 уул жана 1 кыз) тууганбыз. Келечекке койгон максатым — чет өлкөдө колдонулган ыкмалар менен Кыргызстанда дизайн жана искусство жаатын өнүктүрүүгө салымымды кошуу», - деди ал.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены