Кыргызстандык меймандар Сары-Колдо

Кыргызстандык меймандар Сары-Колдо

"Мургап коммунисти" газетасы аркылуу

бийик тоолу Сарыколдун эмгекчил элине

Кыргызстандын жазуучуларынын

атынан жалындуу саламыбызды

айтуу менен эмгектеги улуу бийиктикти,

бакыт таалайды каалаймын.


СССР жазуучулар союзунун мүчөсү

Өскөн Даникеев


Жакында бир тууган Кыргызстандын чыгармачыл тобу бийик тоолуу Сары-Кол аймагында болушуп, Чыгыш Памирдин эмгекчилери менен жолугушуп кетишти.


Топтун жетекчиси Кыргызстандын көрүнүктүү прозаиги, Кыргызстан жазуучулар союзунун партия уюмунун жетекчиси "Кыздын Сыры" "Кызыл Аска" "Эне мээрими " повесттеринин жана "Көз ирмемдеги өмүр" романынын автору Өскөн Даникеев экен. Топтун составында акын Карымшак Ташбаев Кыргызстан жазуучулар союзунун Ош областтык бөлүмүнүн секретары, бир топ ырлар жыйнагынын автору, акын кыз Алымкан Дегенбаева, жазуучулар союзунун Ош областтык бөлүмүнүн адабий кеңешчиси жана белгилүү обончу Токон Эшпаев бар эле.


Кыргызстандык чыгармачыл топту суусу мелмилдеген, талы сеңселген Мадияндын, топозу тоону мекендеген көгүлтүр көлү чалкыган Аличордун, бийиктиги демиктирген, кайнар булагы таң калтырган Памыл, Чеш Төбөнүн аркары айыл аралаган, суунун башы Кызыл-Рабаттын куму эшилип бархан окшогон, көлү күзгүдөй жалтыраган Раң-Көлдүн, арпа өстүрүп тоют даярдага, көлү деңиздей чексиз Кара-Көл, Алайдын эмгекчилери чын ниеттеги ыраазычылык менен тосуп алышты.


Кайсы жерге барбагын малчылар менен чөпчүлөр, окуучулар менен жумушчулар, мугалимдер менен чекарачылар ардактуу меймандарды кастарлап тосуп алышып, чын жүрөктөн сүйлөшүп ,ыр эшитип обон тыңшап черлерин жазышты.


Жолугушууларда Өскөн Даникеев "Кыргыз Совет адабиятынын азыркы абалы " тууралуу кеңири баянадаса. Кармышак Ташбаев менен Алымкан Дегенбаевалар өз ырларын окуп беришти. Ал эми обончу Токон Эшпаевдын ырларын уккан сарыколдуктар кайрадан уккулары келип жатты. Жер-жердеги чыгармачыл жолугушууларга партия уюмдарынын секратарлары, совхоз директорлору, кыштак Советинин председателдери, мугалимдер, комсомолдор жана пионерлер катышышты. Жолугушуулардын аягында сувенирлер, белектер тапшырылып, автографтар алынды.


Кыргызстандык чыгармачыл топту райондук партия комитетинде кабыл алуу болду, анда Таджикстан КП Мургаб райондук комитетинин биринчи секретары жолдош Орозо Исманов Исманович узак сөз сүйлөп, Кыргыз чыгармачыл тобуна райондун жалпы эмгекчилеринин атынан жана жалпы Сарыкол элинин атынан чоң ыраазычылыгын билдирди, чыгармачыл топтун мүчөлөрүнө чыгармачылык ийгилик каалады жана мындай адабий, маданий байланыштын дагы улантылышын каалады.


Топтун жетекчиси Өскөн Даникеев өз сөзүндө Сары-Кол жергесин мекендеген кыргыздардын меймандостугуна ыраазы болгондугун, райондогу чыгармачыл жаштарга Кыргызстан жазуулар союзу камкордук көрөрүн жана өзүнүн жардамын аябастыгын билдирди.


Кыргызстан жазуучулар союзунун тобу 11-сентябрь күнү Ош шаарына сапар тартып жөнөп кетишти .

 

Кыргызстандан келген Делегацияга меймандарга саламдашуу 
Осмон Аймаматов

 

Кош келипсиз меймандар,

Сары-Кол Памир жерине.

Кол кармашып көрүштүң,

Мургаптын жалпы элине.

Аба жетпей баш ооруп,

Ак- Байталдын белинде.

Каз өрдөк түрдүү куштар көп,

Кара- Көл , Ыраң-Көл көлүндө.

Совхоздун малы өсүүдө,

Сары-Колдун салкын төрүндө.

60- жылдык СССР,

Аличорду барып көрдүңүз.

Атабаев башкарган,

Чарбага көңүл бөлдүңүз.

Ак- Суу, Мургаб, Ыраң -Көл,

Айланып барып келдиңиз.

Совхоздордун ишине ,

Кандайча баа бердиңиз.

Талпынса канат күүлөнүп,

Талантты кантип басуучу.

Даникеев Өсөкем ,

Тоо инженер жазуучу.

Кыдырып эчен жер көрүп ,

"Кыздын да сырын "табуучу.

Илимиң барат өркүндөп ,

Инженер агай жазуучу.

Жалпыңа айтам саламды,

Жазуучулар акындар.

Араңарда атактуу,

Алымкан аттуу акын бар.

Ар кандай сөздү кураган,

Акындарда акыл бар.

"Кызыл мончок" "Түйүндөр"

Кылымдар бою закымдар.

Акын ага Ташбаев ,

Оштон чыкты даңкыңыз.

Орчундуу кызмат аткарып,

Областта күчтүү баркыңыз.

Акындык жайың белгилүү,

Ардактайбыз жалпыбыз.

Кыдырып" Кыргыз тоолорун",

Кыйлага кетти даңкыңыз.

Мекеним"Нуркап" жергемде,

Меймандос болот калкыбыз.

Обончу иним Эшпаев,

Обонуң элге тараган.

Уккандар толкуп эфирден,

Уксам деп дагы самаган.

Музыка коштоп ыр чыкса,

Мукамдуу үнүң каалаган.

Кыздарга жазган обонуң,

Кыргызың бүтүн баалаган.

Менин жайым уксаңар ,

Апыз Осмон боломун.

Анча мынча тойлордо ,

Азыраак ырдап коёмун.

Ырдап койсом тойлордо,

Ырчы деп калат элибиз.

Илгертен кыргыз жердеген ,

Белгилүү Сары-Кол жерибиз.

Акындык жайым канча экен,

Акындар баалап бериңиз.

Тутушуп тууган бололу,

Туугандар жылда келиңиз.

САРЫ-КОЛ


Сагынып келип биз көрдүк,

Сары- Колдун тоолорун.

Корккондун ушун алчудай ,

Көк тиреген зоолоруң.


Сырдуу жер экен туугандар ,

Сары-Кол Памир мекениң.

Кубантты бизди өзгөчө,

Чарбасы Осмон акенин.


Тулаңсыз малы семирген,

Турпаты сүйкүм көрүнгөн.

Кол тийбей таажы тоолорго,

Көркөмдүү болуп чегилген.


Жылгасы жылга улаган ,

Жашынбай аркар чубаган.

Жерлерди көрүп келгенге ,

Жүрөгүм туйлап кубанам.


Булагы кирсиз таптаза ,

Кыздары чебер башкача.

Ой жетпес Сары- Кол сени ,

Отуз жыл бою мактаса.


Шагылда шашма шамалы,

Көгүш көл туш- туш тарабы.

Сары-Кол кум ,таш,тоо эмес,

Тарыхтын анык барагы.


Ырчысы тоонун улары,

Келини көңүл кумары .

Карысы кенчи акылдын,

Жигити сүйүү булагы.


Тийген жер,ачык нур аптап,

Кетебиз эртең ыраактап.

Бийикти бийик сактаган ,

Элиңе алкыш ырахмат.


Алымкан Дегенбаева


Макаланын автору Мургаб райондук партия комитетинин инструктору,

"Мургаб оттору" адабий ийриминин жетекчиси Миталип Жумабаев

“Мургап коммунисти” №72.(3316)

23-Сентябрь 1983-жыл

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены