Ош шаарынан Тажикстандагы селден жабыркагандарга гуманитардык жардам жөнөтүлдү

Ош шаарынан Тажикстандагы селден жабыркагандарга гуманитардык жардам жөнөтүлдү

Бүгүн, 8-августта Ош шаарынан беш оор жүк ташуучу унаа менен 109 тонна гуманитардык жардам Тажикстан Республикасынын Тоолуу-Бадахшан аймагында селден жабыргандарга жөнөтүлдү.

 

Ош шаарынын Биринчи вице-мэри Замир Аскаров билдиргендей, гуманитардык жардам Ош шаарынын мэриясынын демилгеси менен жеке ишкерлерден ыктыярдуу түрдө чогултулган. Анда күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөр, курулушка керектүү материалдар бар.

 

“Мындан сырткары калаадагы мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын кызматкерлери жабырлануучуларга бир күндүк эмгек акыларын которушкан. Ал жалпысынан 500 миң сом болду. Коңшу өлкөдө болгон табигый кырсыкка кайдыгер карабаган шаар тургундарына ыраазычылык билдиребиз”, - деди З. Аскаров.

 

Ошондой эле темир иштетүүчү “Болот” ишканасы 50 миң сом которушкан.

 

Эске сала кетсек, Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусунда июль айынын аягында болгон катуу селден аймактын жашоочулары жабыркап, 2 км жол жарактан чыгып, электр линиялары үзүлгөн. Бир топ турак-жайлар жараксыз болуп калган.

 

Osh jardam Pamir

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены