Oоган кыргыздарынын кейпин кийбесек экен

Oоган кыргыздарынын кейпин кийбесек экен

Тагайбек Турдукулов Памирде большевиктер ыңкылабынан кийин туулган. Коммунизм доорун башынан өткөргөн аксакалдын уулу азыр топоз багып, турист тосуп, жаңы доорго күбө болуп жашап жаткан чагы.

 

Мургабдын Ооганстан менен чектеш аймагындагы Корумду жайлоосунда аксакал менен Жаңыл Жусупжан баарлашты.

 

Жаңыл Жусупжан: Бул Корумду жайлоосунда сиздин үч боз үйүңүз тигилип турат, өзүңүз да боз үйдө туулгансызбы?

 

Тагайбек Турдукулов: Ооба, мына ушундай боз үйдө, мындан да жетесыраак (кыйыныраак) турмушта туулгам. Өз атамдын турмушу өтө начар болгондуктан, мен көрүнөөргө (төрөлөөргө) жакын апамды таятамдардын үйүнө алып барып коюп, ошол жерде жарыкка келгем, ошон үчүн атым Тагайбек (“тага”, “тай” – “энеси жактан” деген мааниде) деп коюлуп калган. Кыйынчылык заманда туулгам. Союз 70 жыл турду, ошондогу жыргалчылыкка баштан-аягына чейин күбө болдум, үзүрүн көрдүм, мээнетин тарттым. Бысмылла дегенде эле Булуң-Көлдө (Аличор айылына жакын жер) комсомол комитетинин секретары болуп иштегем.

 

Жаңыл Жусупжан: Активист болгон турбайсызбы?

 

Тагайбек Турдукулов: Активист болгом, ошондон жогорулап отуруп, селсебетке секретарлыкка бардым, партияга да өткөм, партиялык уюмдун секретарлыгында да иштедим. Андан кийин жыйырма жылдан ашык стажым совхоздо өттү. Бул жагын “Аличор экинчи бөлүм”, мындан 30 чакырым жердеги Баш-Күмбөздү “Биринчи бөлүм” деп коет эле. Ошол эки бөлүмдө он беш жылдан ашыгыраак ферма башчысы болуп иштедим. Анан төрт жылдай профсоюздун төрагасы болдум, пенсияга чыктым. Анан союз тозуп (кыйрап) калды, "аренда ыкмасы” деп 1989-жылы 3500-4000гө жакын малды арендаторлорго мүмкүнчүлүгүнө жараша бөлүп бердим. Адегенде 150-200дөн кылып койду, декабрь айында котозду (топозду) бөлүп бергем. "Экинчи бөлүмдө" 1860 баш топоз бар эле, ошонун баарын бергем. Ар бирине 75тен топоз тийген. Өзүмдүн бир балам да арендатор, малдан калганыма эки жыл болду.

 

Маекти толук бул жерден угуңуз:

 

 

 

Жаңыл Жусупжан: Сиздин сүйлөгөнүңүз тиги чек аранын нары жагында жашаган ооган кыргыздарыныкына окшош экен, Рахманкул хан сизге тууган эмеспи?

 

Тагайбек Турдукулов: Рахманкул хан тууган эмес, бирок ошол жакта чоң aта, чоң энемдер калган, эжемдин көзү өттү. Ал жакта жээндерим бар, бирок чек ара жабык, катнаш жок. Согуш мезгилинде баргандар болду эле, турмуштары абдан кыйын деп келишти.

 

Жаңыл Жусупжан: Уулуңуз азыр туристтер менен иштейт экен. Туризм жакшы нерсе бекен?

 

Тагайбек Турдукулов: Туризм деген Кудайдын берген ырыскысы экен, үйүнө бирөө келсе, ырыскы кошо келет деген кеп бар. Булар келет, ичсе бир пияла чайыңды ичет, ичпесе жок. Келет, тамаша кылып, атыңды, өгүзүңдү минип кетет, пулун берип жатат.

 

 


Жаңыл Жусупжан: Кыргыздын мекени азыр Кыргызстан болуп калбадыбы, кантсе дагы көз карандысыз мамлекет. Ошол жакка баргансызбы? Көп кишилер ошол жакка кетишкен экен.

 

Тагайбек Турдукулов: Биринчи туулуп, өнүп-өскөн жериң кымбат. Ушул жерде туулуп, ушул жерде өсүп калыптырбыз. Кыйынчылык болду, Тажикстанда согуш чыкты, кеткендер кетти, азыр алардын турмушу бизден жакшы, жеңил. (Ошентсе да) башканы билбейм, жеке өзүм ушул жерден кетким келбейт. Кээде (Кыргызстанга кетсек) балдарга жеңил болобу, жакшыраак жашайбы деп ойлоп калам, бирок анын деле учуна жете албайм, кайтып эле туулуп-өскөн жериң... Тажикстан деле бизди сен кыргызсың деп жектеп, карабай койгон жери жок.

 

Жаңыл Жусупжан: Тажик бийлиги “бул жакка китептерди Кыргызстан жиберет, мугалимди Кыргызстан жиберет” деген ойдо экен. Кыргызстандан китептер келип турса, мугалимдерди стажировкадан өткөрүп жиберип турса, дарыгерлер келип турса, анда силер жакшы жашай берет белеңер?

 

Тагайбек Турдукулов: Жашай беребиз да, жашай беребиз! Союз тарагандан бери Кыргызстандын жардамы менен биз ушунча болуп жатабыз.


Жаңыл Жусупжан: Кандай жардам болуп жатат?

 

Тагайбек Турдукулов: Тиричилигибиздин 60% Ош менен байланыштуу. Адамдар барат, кем-карчысын алат, тыйын-тыпыр таап келет. Ушуга тыюу салган жери жок, ушундай болуп турса биздин турмушубуз жакшы боло берет. Эгер тыйып таштаса, анда биз дагы ооганстандык кыргыздарга окшоп калышыбыз ыктымал, ошондо бул жакка (тажик бийликтерине) көбүрөөк көз каранды болуп калышыбыз мүмкүн.

 

Жаңыл Жусупжан: Кыргызстанга кеткендер бул жакта калган ата-эне, туугандарын карабай кеткен жокпу?

 

Тагайбек Турдукулов: Атасы ал жакта, баласы бул жакта же, бир тууганы бул жакта, бир тууганы ал жакта калгандар бар. Алыс жүргөндө кайра тескерисинче тууганчылык бекем болот экен сагынышып... Атасын же туугандарын таштагандар жок.

 

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены