Атилла: Мекенимди таптым

Атилла: Мекенимди таптым

27 жаштагы Атилла Гүвен Түркиянын Ван шаарында төрөлгөн. Азыр Манас университетинде 2-курстун студенти. 1930-жылдары анын чоң аталары Чоң Алайдан Ооганстанга көчүп кетишкен.

 

1978-жылы орустар Ооганстанга кирип келгенде Рахманкулхан менен бирге Түркияга карай жөнөп, 1982-жылы Ван шаарына жайгашып калышкан экен.

 

Бул тарыхты ал чоң энесинен угуп, Кыргызстанды көрүүгө зар болуп жүрүп, 2012-жылы Бишкекке Манас университетине окууга келген.

Ал бул жактан туугандарын тапты, өлкөнүн баардык дубандарын кыдырып чыкты. Азыр кыргыз балдарына акысыз түрк тилин үйрөтүп жатат. Атилла Кыргызстанда калгысы келет.



 



Atilla Mekenimdi tapt



Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены