Памирдеги азыркы көчмөндөр

Памирдеги азыркы көчмөндөр

Кыргыздар жашаган Памир тоолору бир тарабынан Кытай, Ооганстан менен чектешсе, басымдуу бөлүгү Тажикстанда.

 

Совет доорунда ага чейин тоо арасында ээн-эркин көчүп-конуп жүргөн көчмөндөр күч менен отурукташтырылган.

 

Эми болсо алар жайкысын жайлоого чыгып, боз үй тигип, топоз багып, турист тосушат.

 

 

 

 

 

 

 

Pamir Kirghiz 1 Pamir Kirghiz 2
Деңиз деңгээлинен 4,250 метр бийиктикте турган Корумду жайлоосу Тажикстандын аймагына кирген Памир тоолорунда жайгашкан. Баш-аягы 15 кишиден турган үй бүлө эки айдай жайлоого чыгып, топоз багып, четтен келген туристтерди тосушат. Аккан суудан аттай чуркаган кыз топоз тоскону баратат. Топоз жергиликтүү элдин негизги байлыгы, аны сатып же керектүү нерсеге алмаштырса болот. Бир топозго баасы 300 доллардай турган боз үй келет.
Pamir Kirghiz 3 Pamir Kirghiz 4
Taгайбек Турдукулов неберелери менен, ал совет доорунда комсомолдук жетекчи, 1990-жылдары колхоздун топозу менен коюн элге таратканда жооптуу болгон. Таң эртеден тарта түн бир оокумга чейин аялдын үйдөгү түйшүгү бүтпөйт. Тамак жасап, бала баккандан башка күнүгө эки маал топоз саап, отко жакканга терскен, куурай чогултат.
Pamir Kirghiz 5 Pamir Kirghiz 6
Көчмөндөрдүн дасторкону. Аксакалдар жаштарга "Дасторконго береке, дайым жакшылыкка жайылсын" деп бата беришет. Боз үйдөгү болгон кызык - балдар өзбек сериалдарды көрүшөт. Интернет байланыш абдан солгун, андыктан балдар дискке жаздырылган видеолорду көрүшөт.
Pamir Kirghiz 7 Pamir Kirghiz 8
Корумду жайлоосуна бараткан жолдогу үй. Кең өрөөндү өрдөгөн жердеги бул үйдө Зилал менен Тажикбай Чоңбагышевдер небере кызы менен турушат. Алардын балдарынын көбү Кыргызстанга көчүп кетишкен. Зилал апа топоздун сүтүнүн сүзмөсүнөн курут жайып кургатат. Кышында аны сууга эзип, ысык сорпого катыктап ичишет.
Pamir Kirghiz 9 Pamir Kirghiz 10
Жайлоодо күндүн көбү тышта өтөт. Боз үйгө болсо тамак ичкенде, анан жатканда эле киришет. Мындай бийик жерде абанын басымы төмөн үчүн тамак жай бышат. Көчмөндөр туристтерге топоздорду даярдашууда. Жумуш жок жерде туризм тыйын табуунун жалгыз жолу.
Pamir Kirghiz 11 Pamir Kirghiz 12
Ыдырыс туристтерге топоз мингизип, жер көрсөтөт. Топоз жылкыга караганда тоо-ташта тың жүрүп, колду карабай, өз тамагын өзү таап жейт. Камыр жайып жаткан кыз. Ун башка көп азык-түлүктөй эле сырттан ташылат. Бул жерде көбүнчө эт менен сүт азыктарын жешет.
Pamir Kirghiz 13 Pamir Kirghiz 14
Чабаты нан. Нандын аты айтып тургандай эле памирликтердин Пакистан, Индия менен маданий алакасы болгонун көрсөтөт. Кыргызстанда мындай нанды калама дешет. Ниндзянын бет кабын кийген жигит. Тамашадан сырткары көпчүлүк учурда мындай бет капты ачуу тийген күндүн нурунан сактануу үчүн кийишет.
Pamir Kirghiz 15 Pamir Kirghiz 16
Жайлоодон терскен жүктөп кыштакка келаткан машине. Бир машинени толтуруу үчүн терскен терүүгө эки күн кетет. Аличор айылы.

 

Комментарий

Sopuev

Sopuev

Понедельник, 11 Января 2016 07:58

Ой Жаныл эже Аличордун жашоо тиричилигин эн жакшы жазыпсыз.Бизде жашоо оор дагы,женил дагы,..

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены