Дүйнөнү велосипед менен кыдырып жүргөн франциялык турист К.Фабри Кыргызстанга келди (фото)

Дүйнөнү велосипед менен кыдырып жүргөн франциялык турист К.Фабри Кыргызстанга келди (фото)

Дүйнөнү велосипед менен кыдырып жүргөн франциялык турист Камиил Фабри (Camille Fabre) 9 ай жол жүрүп, Кыргызстанга келди. Ал дүйнөдөгү эң тоолуу мамлекет — Непалга баруу үчүн велосипед менен жолго чыккан. Камиил Фабринин велосипед менен саякаттоосуна Корея мамлекетинде өткөн жыйын себепкер болгон. Ал учурда Ош шаарында. Турист айым менен Turmush басылмасынын кабарчысы англис тилинде маектешти.

 

«Мен Корея мамлекетинде жүргөндө жаратылышты коргоо боюнча жыйын өттү. Алар учак, жаңы типте чыгарылып жаткан унаалар экологияга көп зыяны тийип жатканын, табиятты коргоо боюнча түрдүү пикирлерди айтышты. Ошондон кийин мен экологияга зыян тийгизбөө үчүн велосипед менен гана жер кыдырууну туура көрдүм», - деди Камиил Фабри.

 

Жаштайынан Орто Азиянын маданиятына кызыкдар болгон Камиил Орто Азиядагы мамлекеттер менен таанышып чыгууда. Ал кыргыз маданияты менен Памир тоолорунда жүргөндө таанышканын айтты.

 

Turist K Fabri 1 Turist K Fabri 3

 

«Мен 9 ай мурун Непалга баруу үчүн жолго чыктым. Велосипед менен Италия, Греция, Түркия, Иран,Түрмөнстан, Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттеринен өттүм. Менде буга чейин Орто Азия боюнча толук маалымат жок эле. Бишкектик досум аркылуу гана айрым маалыматтарга ээ болчумун. Тажикстанга келгенде бир дос таптым. Алар кыргыз үй-бүлө экен. Мен Кыргызстан жөнүндө алгач ошолордон уктум. Ошондон улам менде Кыргызстанды көрүү кыялы пайда болуп, Кыргызстанга келип калдым. Памир тоолору Борбордук Азиянын түндүк тарабында, тагыраак айтканда Тажикстан мамлекетинде. Мен кыргыз маданияты боюнча маалыматты Памирден алдым десем болот. Алар бир аз кыйынчылыкта жашашат. Бирок аябай меймандос калк экен», - деди ал.

 

Turist K Fabri 4 Turist K Fabri 6

 

Камиил Вабри Кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун «Жамийла» чыгармасын француз тилинде окуп чыкканын кошумчалады. «Прозаик, улуу акын Лиу Арагон "Жамийла" повестин "Сүйүүнү даңазалаган дүйнөдөгү эң улуу дастан" деп баалаган. Мен бул чыгарманы француз тилинде окугам. Дүйшөмбүдө жүргөнүмдө бир досум бул китеп тууралуу мага толук маалымат берди», - деди Камиил Фабри.

 

Turist K Fabri 5 Turist K Fabri 7

 

Камиилдин кыргыз жергесине болгон сапары Алай районунун Сары-Таш айылынан башталган. «Менин бир досум В.Ленин чокусуна барган. Мен Ленин чокусуна чыккан жокмун. Бирок мени Сары-Таштын жаратылышы, табигаты өтө таң калдырды. Сүрөткө тартуудан рахат аласың. Кыргызстан тоолуу өлкө экен, мага аябай жакты.

 

Ош шаарына 2-3 күн мурун келдим. Кыргыздын музыкалык инструменттери менен таанышып, моңголдордун инструменттерине окшошуп кете тургандыгын байкадым. Ош шаары менен толук таанышып чыгып, Кытай жергесине сапар тартам», - деди ал.

 

Turist K Fabri 9 Turist K Fabri 8

 

Непал мамлекети Кытай, Индия мамлекеттери менен чектешип тургандыктан анын мындан кийинки сапары аталган мамлекеттерде уланат.

 

Федералдык Непал демократиялык мамлекетинде дүйнөдөгү деңиз деңгээлинен 8000 метр бийик турган 14 чокунун бири — Эверест жайгашкан. Элинин басымдуу бөлүгү деңиз деңгээлинен 3000 метр бийиктикте жашашат.

 

Камиил Фабри учурда 28 жашта. Ал жалгыз саякаттоону жактырат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены