Вандык кыргыздар: жергиликтүү түрк эли менен куда-сөөк болуп калдык

Вандык кыргыздар: жергиликтүү түрк эли менен куда-сөөк болуп калдык

Түркиянын Ван аймагынан Анкара шаарына ондогон кыргыз үй-бүлө көчүп келген. Алар түрктөр менен аралаш Анкарадагы Чубук аймагында жашайт.

 

Кыргыз улутундагы Абдулкаим Токер мындан 35 жыл мурун Афганистандан Түркияга көчүп барган. Отуз жылдан ашык Ван аймагында жашап келген Токер эки жыл мурун Анкара шаарынан 32 чакырым алыстыкта жайгашкан Чубук аймагына орун которгон.

Ал Түркияга келгенде алгач тилди жана кагаз иштерин жасатууда жергиликтүү мыйзамдарды билбей айласы кеткени менен эми сүйлөп жатып кыргызча сөздөргө түрк тилин аралаштырып жиберерин айтат.

 

Көп жылдар бою мамлекеттик кызматкер болуп иштеп, пенсияга чыккан Токер, төрт уул, бир кызды өстүрдү. Балдары түрк мектептерин аяктаганы менен кыргызча так сүйлөп, комуз чертип, обон созорун белгиледи.

 

"Ата мекенибизден алыс болсок да, калпагыбыз башыбыздан түшпөйт,
черткенибиз комуз болду. Балдарыбызга да үйрөттүк.
Жубайым ооз комуз кагат", — деди ал.

 

Вандык кыргыздар маданий баалуулуктарды кантип сактап келерин айтып беришти

 

 

 

Жубайы Бубизупун Токердин айтымында, 1980-жылдары Афганистандын Памир аймагынан келген 1,5 миң адамдын саны учурда 4 минден ашты. Жергиликтүү кыргыздар арасында башка улуттан кыз алып, кыз бергенине карабай, кыргыздын маданий баалуулуктарын сактап калуу аракети көрүлүп жатат.

 

Көпчүлүк кыргыз үй-бүлөлөрүндө кыргыздын улуттук кийимдери, музыкалык аспаптары, ат жабдыктары сакталган.

 

Бубизупун Токер энесинен калган шөкүлө, шуру мончокторду кызына жана келиндерине өткөрүп берерин кошумчалады. Анткен менен өсүп келе жаткан жаштардын басымдуу бөлүгү түрк тилдүү мектептерде окуп жатканын кошумчалаган Бубизупун Токер, кыргыз тили курсунун ачылышы тууралуу кыргыз элчилигине кайрылышканын айтты.

 

Учурда Түркияда 5 миңге чукул ооган кыргызы жашаса, алардын басымдуу бөлүгү Ван аймагындагы Улуу Памир айылында жашайт.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены