Биз үчүн алар жылдыз (1941-1945) (сүрөт)

Биз үчүн алар жылдыз

Баатыр эл фашисттерди сүрүп келген,

Кыргыз бар, казагы бар, ар кыл элден,

Кыйылып кайран жаны эл жер учун,

Өзү жок эрдиги элге тирик келген.

 

Молдо-Али, Маматалы, Мусабайлар,

Жаш кетти Кадамбайлар кайрылбады.

Эл, жерге мекен учун кызмат кылган,

Эли-журт унутпайбыз аталарды.

 

Нургаб, Алчор, Токтомуш Алай жактан,

Муң басып ата-энелер көзү каткан.

Кең Россия жеринде топурагы,

Биз үчүн алар жылдыз жанып жаткан.

 

Камаридин Матанов

Согушта ок аралап жалын кечкен,

Согуштун каарманы кетпейт эстен.

Киевден Кенигсбергге чейин жеткен,

Камарлар фашисттерди жеңген жексен.

 

Камаридин Матанов биздин жерден,

Каарманы согуштун биздин элден.

Бир бутуну согушта окко алдырып,

Кайрат менен эл-жерге аман келген.

 

Кайран тили таңшыган таңдайында,

Балдары, небереси маңдайында.

Камаридин кайраттуу калкым менен,

Калкымдын мындай киши ардагы да.

 

Тагай Ашыров (согуш жана эмгек ардагери)

Ак кар, көк муз, саз-токойду аралап,

Ач да калдык согуш деген чоң азап.

Алга! деген күчтүү ураан сөз менен,

Аман келдик фашисттерди талкалап.

 

Апаат согуш түйшүк салды түгөнгүс,

Ар жерлерге бомба түштү гүл өнгүс.

Асманда да, жерде дагы ызы-чуу,

Каршы-терши ок аралап жүргөнбүз.

 

Ата-Мекен согушун улантып,

Ачкамардай душмандарды кулатып.

Эл четинде, жоо бетинде сыналып,

Жеңиш менен аман келдик кубанып.

 

Чын согушта аман калган шофёрбуз,

Чарчабастан өмүр турмуш улантып.

Чоң маараке жеңиш майрам биздики,

Эл, жериме тынчтык менен нур чачып.

 

Паша Арыков (согуш жана эмгек ардагери)

Паша ава душман беттеп жалтанбастан,

Самолёт, дзоттор да талкан-талкан.

Кырам деп совет элин кирип келген,

Фашисттер жаңы жерде майкан-майкан.

 

Жаштыгы жанып турган от кезинде,

Жалтанбай жаап жаткан ок ичинде.

Желмогуз куушурулган фашисттерди,

Желкелеп Берлинге кууп жегкен.

 

Жоо каптап элге болгон каар заман,

Жаш жоокер канча баатыр каны тамган.

Тынч аман келгендерге сыймыктансак,

Келбеген аталарга даңк дагы арман.

 

Жеңиш күн жылда майрам болгон кези,

Паша ава, Кимсан ава жеңиш ээси.

Куттуктап кубандырган улуу күндү,

Эли, журту, бала-чака, небереси.

 

Нусбат Абдрахмановго (согуш жана эмгек ардагери)

Боз талаа, темир ат чаң сапырат,

Пулемёттон титиреп ок чачылат.

Темир калпак башында тентек фашист,

Кара жерге жабылып жер чапчылайт.

 

Орус-кыргыз, ар улут эрлер келет,

Фашисттерди тебелеп шерлер келет.

Ээк артып эл жерге суктангандар,

Эл күчүнөн жыгылып өлмөк демек.

 

Москвадан Берлинге кызыл жалын,

Моюн сунбас душманды өрттөп келмек.

Рейхстагдын башына орнотулду,

Совет эли көтөргөн кызыл желек.


Нусбат, Жоробай, Шарабидин,

Накта элдик баатыр Памиримдин.

Үзүрүн көрүп жаткан учур азыр,

Эл, жерде ойноп-күлүп өмүр сүргүн.


Айттырбай согуш ачкан Гитлердин,

От жүрөк мекенини кошо тилди.

Эр-азамат кыргызымдын кулундары,

Эрдигин кайрат күчүн эли билди.


Жоробай Нажмидинов

Жоробай душман беттеп тайманбастан,

Жеңиштин нуру менен күлүп келген.

Жадырап-жайнап өскөн артындагы,

Жаштарга жаңы заман куруп берген.


Жаштыгы жайнап турган от кезинде,

Жоробай сен душманга аттангансьң.

Жоолорго атырылып октой тийип,

Жаш жоокер согуш үчүн данкталгансьң.


Ааламат болуп өткөн ал кездеги,

Аталар көз жаштары төгүлбөсүн.

Артында уул-кызьң өнүп-өскөн,

Жоробай эл жеринде баатыр, эрсиң.


Мургаб району

Халил Мурзахматов

 

Biz alar jyldyzdar 1 Biz alar jyldyzdar 2 Biz alar jyldyzdar 3
Biz alar jyldyzdar 4 Biz alar jyldyzdar 5 Biz alar jyldyzdar 6

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены