Ооганстандагы бир нече этникалык кыргыз документ алуу, каржылык маселелери жана талибдердин кыздардын окуусун чектегенине байланыштуу аларды Кыргызстанга тез арада алып кетүүнү суранып, видео кайрылуу жолдошту. Маалыматтар боюнча ушу тапта Ооганстандын Тажикстан менен чектеш Бадахшан облусундагы Ишкашим районунда токсондой этникалык кыргыз паспорт ала албай батирде жашап жатат. "Азаттык" радиосуна Ооганстандын Тажикстан менен чектеш Ишкашим районунда паспорт ала албай кыйналып жаткан бир…