Эр жигит эл четинде, жоо бетинде...

Эр жигит эл четинде, жоо бетинде...

- Кылымдар бою ынак жашап, бир тууган болуп, кыйынчылык учурда бири-бирине кол сунуп келген кыргыз-тажик элдери соңгу жылдары ыркы келишпей ок чыгарып, канчалаган күнөөсүз инсандардын канын төгүп саясий дагы кошуналык дагы мамилеси жыдып барат. Талашканы жер. Бул жерде илгери эки эл эгиз улактай күн кечиришсе, азыркы убакта суз мамиледе.


- Мындан бир ай мурун адаттагындай эки элдин ортосунда жаңжал чыгып канчалаган кыргыз жоокерлери баатырларча мерт кетти. Мына ошолордун арасында Сары-Колдук чыныгы баатыр жигит өмүр менен кош айтышты.


- Биз сөз кылып жаткан офицер Райимкул уулу Баатырбек 1980-жылы Таджикстан Республикасынын Мургаб районуна караштуу Көөнө-Коргон айылында туулган. 1997-жылы Хорог шаарында Медицина окуу жайына тапшырып, 2000-жылы кызыл диплом менен фельдшер кесибинин ээси болот. 2000-2002-жылдар аралыкта Мургаб районунда мед.брат болуп эмгек жолун баштайт. 2002-жылы турмуш шартка байланыштуу Кыргыз жергесине көчүп келип отурукташып калат. Бул жактан дагы фельдшер болуп тез жардам кызматында эмгектенип жүрүп. 2009-жылдан баштап Баткен чек ара отрядынын "Бөрү" чалгындоо бөлүгүндө "чалгынчы фельдшер" болуп өмүрүнүн акыркы көз ирмемдерине чейин эмгектенип келген.

 

er-zhigit-el-chetinde-zhoo-betinde 2
er-zhigit-el-chetinde-zhoo-betinde 3 er-zhigit-el-chetinde-zhoo-betinde 4


- 2017-жылы боевой действияга катышып, өзүнүн мыктылыгын көргөзүп, ошол убактагы президент Алмазбек Атамбаевтин колунан "Эрдик" төш белгиси менен сыйланган.


- 2019-жылы чек ара кызматынын отличниги, 2020-жылы Роосия-Кыргызстан ортосундагы коргонуунун алдыңкы чек арачысы медалы менен сыйланат. Жана көптөгөн ардак грамоталар менен сыйланып, татыктуу кызмат өтөй алган.


- 2022-жылы сентябрь айыда чыккан жаңжалдан улам Райимкул уулу Баатырбек каршылашы тарабынан атылган снаряттын жардыруусунан каза тапкан.


- Баатырбек Райимкул уулунун бир тууган агасы Анарбай Орозов инисин бир сырдуу, тайманбаган, сөзгө бекем жана ак көңүл эле деп эскерет. Бул үй-бүлө баары орган адамдары болуп, мамлекетке кызмат өтөгөн чыныгы жоокерлердин үй-бүлөсү.


- Мургабтан чыккан жоокер үчүн бул жолду басып өтүү оңойго турган жок, жана ал өз кызматын гана өтөдү. Жигит үчүн мекен ыйык. Ал берген антынын үстүнөн чыкты. Ал чыныгы баатыр болду. Мен сөзүмдү ушул улуу сөз менен жыйынтыктагым келип турат. "Кайсыл жерде жүрсөң, ошол жердин ырын ырда" дейт кыргызда. Баатырбек ага Бадахшандын кулуну болуп төрөлүп, ал жактан турмуш шатка байланыштуу тарыхий мекенине келди. Ал өзү алган кесиби аркылуу эмгек жолун улантып, иштеп, ийгилик жаратып жана ошол жолдо курман болду.


- Ар бир эне уулун мекен үчүн, эл үчүн төрөйт.


- Эки элде тынчтык болсун.. Каалаганыбыз тынчтык. Бей күнөө кан төгүлүп, балдар жетим калбасын, эне ыйлабасын, жар сыздабасын, ата кейибесин, мусулманга согушу харам.


- Баатырбек Райимкул уулунун артында бир уул, үч кызы калды.


- Жолдош Баатырбектин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун... Баатрыбектей баатырлар көп болсун.


Р.S. Автордун пикири "Сары-Кол" сайтынын көз карашын чагылдырбайт.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены