Этникалык кыргыздарды колдоо: Мыйзам долбоорун комитет жактырды

Этникалык кыргыздарды колдоо: Мыйзам долбоорун комитет жактырды

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин 6-декабрдагы жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндөгү» жана "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндөгү") өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын бириктирилген долбоору каралып, жактырылды.


Аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Жанарбек Акаев, Улугбек Ормонов, Акылбек Түмөнбаев, Талайбек Масабиров, Чингиз Айдарбеков, Медербек Алиев жана министрлер кабинетинин мөрагасы тарабынан демилгеленген.


Максаты — Кыргызстанда жашаган этникалык кыргыздарды колдоо саясатын жакшыртуу, кайрылман макамын алууда тоскоолдуктарды жоюу. Ошондой эле кайрылмандардын жана этникалык кыргыздардын каттоо системасындагы көйгөйлөрүн чечүү, көчүп келүүчү этностук кыргыздарды кабыл алуу шарттарын жана аларды легалдаштырууну өркүндөтүү.


Паспорту жок учурда дагы кайрылман макамы берилет

Учурда расмий эмес эксперттик маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда таптакыр паспорту жок, мурда жашаган өлкөсүнүн паспортун алып, бирок мөөнөтү өтүп кеткен, жоготкон, жалпы жонунан өздүгүн аныктоочу документи жок он миңден ашуун этникалык кыргыз жашайт.


Эреже боюнча, бул категориядагы адамдар кайрылман ырастамасын же жарандык алуу үчүн кайрыла алышпайт. Анткени тиешелүү мамлекеттик органдар паспорт (мөөнөтү жарактуу) талап кылышат.


Ошол себептүү Кыргызстанда туруктуу жашаган этникалык кыргыздарга жергиликтүү бийлик тарабынан берилүүчү таануу актысынын негизинде кайрылман макамын алууга шарт түзүү зарыл. Ал эми таануу актысынын жол-жобосу мыйзам алдындагы укуктук акт менен аныкталат.


Нике күбөлүк шарт эмес

Этникалык кыргыздарда никеге турган ырастамасы жок эле үй-бүлө куруп, балалуу болгондор көп кездешет. Нике күбөлүгүнүн жоктугу кайрылман ырастамасын алууда тоскоол болуусуна шарт түзбөшү керек.


Улутун аныктоо жеңилдейт

Туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө же паспортунда «улуту» деген графа жок болуп, бирок этностук таандыгы КР дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси менен ырасталса, кайрылман макамын берүү ченемин киргизүү сунушталат.


Бийлик органдарынын мекемесине каттоого турат

Көчүп келген этникалык кыргыздардын басымдуу бөлүгүнүн менчик турак жайы жок, ал эми үй ээлери жашаган жери боюнча каттоого коюуга макул болушпайт. Натыйжада көптөгөн этникалык кыргыздар мыйзам бузуучулардын категориясына кирип социалдык жеңилдиктерди жана Кыргызстандын жарандыгын ала алышпайт.

Ушуга байланыштуу баш калкалоочу туруктуу турак үйлөрү жок кайрылмандарды жашаган аймагы боюнча айылдык аймактардын юридикалык адресине каттоого тургузуу ченеми киргизилүүдө.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров былтыр июль айында этникалык кыргыздарга жана жарандыгы жок кыргыз тектүү адамдарга жарандык берүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн убактылуу жобосу тууралуу буйрукка кол койгон. Анда документ топтоп, толтурууда түйшүк жана талап азайган, мындай норма ушул жылдын аягына чейин иштейт.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены