"Эрдик" медалын алган Баатырбек чек арада курман болду

"Эрдик" медалын алган Баатырбек чек арада курман болду

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда курман болгондор арасында "Эрдик" медалын алган, Чек ара кызматынын "Бөрү" атайын багыттагы отрядынын чалгынчы-фельдшери Баатырбек Райимкул уулу дагы бар.


Кайгылуу кабарды анын агасы Анарбай Орозов "Азаттыкка" ырастады. Баатырбектин артында келинчеги, үч кыз, бир уулу калды. Балдарынын кичүүсү болгону эки жашта.


Баатырбек 42 жашта эле. Ал медициналык орто окуу жайды аяктары менен Чек ара кызматына жумушка орношкон. 2022-аскер бөлүгүнүн "Бөрү" атайын багыттагы отрядынын чалгынчы-фельдшери болуп Баткенде кызмат өтөп жүргөн.


Баатырбек Райимкул уулу 2014-жылы Ата Мекенди коргоодо, кызматтык парзын аткарууда көрсөткөн каармандыгы жана эрдиги үчүн "Эрдик" медалы менен сыйланган.

 

erdik-medalyn-algan-baatyrbek-chek-arada-kurman-boldu 2
Баатырбек Райимкул уулу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен. 2014-жыл

 

Агасы Анарбай Орозов бир тууган инисин жоготуп, кан жутуп отурат.


"Өзү Тажикстандын Сары-Кол өрөөнүнүн Мургаб районунда туулган. Фельдшерликти бүткөн. Мен өзүм да отставкадагы аскер адамымын. Биздин үй-бүлөбүз дээрлик толугу менен аскер адамдары. Баатырбек да кичинесинен мени көрүп, жоокер болом деп чек ара кызматына орношту. Кабыргабыз кайышып турат".


Баатырбек үй-бүлөдө алты бир туугандын бешинчиси эле. Агасынын айтымында, башкалардан өзүнүн жумшактыгы, сөзүнө турганы менен айырмаланып турчу. Анарбай Орозов иниси менен төрт-беш күн мурда эле сүйлөшкөн.


"Элим-жерим дегенде жанын берүүгө даяр эле. Мени менен ар дайым "эр жигит эл четинде, жоо бетинде, байке" деп тамашалап калчу. Иним менен акыркы жолу төрт-беш күн мурда сүйлөшкөм. "Баары тынч, жакшымын, кызматтамын" деген. Инимдин өтүп кеткенин кечинде бизге угузушту. Азыр сөөгүн алып келатышат. Ошко жетип калышыптыр. Өзүбүз Кара-Балтада турабыз, ошол жакта жерге беребиз. Башыбызга каран күн түшүп, кабыргабыз кайышып турат. Мен өзүм Москвада элем. Жолго чыгып атам. Ата-энебиздин көзү өтүп кеткен. Үйдө улуусу менмин. Азыр менин жалгыз уулумду да Баткенге алып кетип атышат. Ал да Чүйдө чек ара кызматында чек ара бекетинин старшинасы болчу".


Анарбай Орозовдун айтышынча, иниси акыркы жылдары үйлүү болууну кыялданып жүргөн.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены