Пенсия кантип эсептелет

Пенсия кантип эсептелет

Пенсия (латын сөзүнөн «pensio» – «төлөм») – жашоонун негизги каражат булагы катары мамлекет же башка субъект тарабынан эмгекке жарамсыз жарандарга өмүр бою берилүүчү төлөм. Кыргызстанда пенсия кантип эсептелинет жана эмнелер эске алынат? Суроолорго Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маалымат кызматы жооп берет.

 

ПЕНСИЯНЫН ТҮРЛӨРҮ

 

- Пенсиялык куракка жеткенде.

Пенсиянын бул түрүн белгиленген куракка жеткендер алышат.

- Социалдык пенсия.

Мамлекет тарабынан эмгектик салымына карабастан, утурумдук кирешеге муктаж жана эмгек пенсиясына укук албаган бардык жарандарга Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан берилет.

- Майыптык боюнча чегерилген пенсия.

Курагы боюнча эмес, ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөрдөн улам эмгектик ишмердикке чектөөсү барлар, 1, 2, 3-топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар алышат.

- Баккан адамы каза болгондо.

Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү бар каза болгон адамдын эмгекке жарамсыз үй-бүлө мүчөлөрү (багуусундагы) үчүн каралган пенсиянын түрү.

- Эмгек пенсиясы.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмү жана эмгектик стажы эсепке алынып төлөнөт.

 

ПЕНСИЯНЫ ЭСЕПТӨӨДӨ ЭМНЕЛЕР ЭСКЕ АЛЫНАТ?

- Жарандын жалпы эмгек стажы

- Аскер кызматын өтөгөн мөөнөтү

- Кесиптик, атайын орто жана жогорку окуу жайлардын күндүзгү бөлүмүндө окуган мөөнөтү

- Аялдар үчүн балдарды баккан мезгили

- Жашаган аймагы. Мисалы, бийик тоолуу, барууга кыйын шартта жайгашкан калктуу конуштарда жашап жана иштеген мезгилдерге көңүл бурулат.

- 1996-жылдан кийин жарандардын жеке эсебинде топтолгон камсыздандыруу төлөмдөрү эске алынат.

- Мындан тышкары 1996-жылга чейинки мезгилдеги орточо айлык да пенсиянын өлчөмүнө түз таасир этет.

 

ИШТЕБЕГЕН ЭНЕЛЕР

Балдарды багуу мезгили жалпы камсыздандыруу стажына кирет. Бирок сиз төрөгөн эне катары пенсияга чыксаңыз, стажыңыз аз болсо, анда аз өлчөмдө чектелет. Эгерде сиз иштей албай турган абалда болсоңуз, анда Социалдык өнүктүрүү министрлигинен социалдык жөлөк пул чектелет. Пенсиялык фонддон алган пенсия жылына көбөйсө, Социалдык өнүктүрүү министрлигинен төлөнгөн социалдык пенсия республикалык бюджеттен көз каранды.

 

МИГРАНТТАР

Сыртта иштеп жүргөндөрдүн пенсиясынын өлчөмү иш стажына, иштеген мезгилинде төккөн камсыздандыруу төгүмдөрүнө жараша болот. Алар эки жол менен пенсиясынын өлчөмүн көбөйтө алышат.

 

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду эмгек мигранттарынын саны көбүрөөк топтолгон мамлекеттер менен пенсиялык социалдык камсыздоо жөнүндө келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча иштерди жүргүзүп жатат. Мисалы, Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө келишимдин алкагында, ошондой эле Түркия Республикасынын өкмөтү менен түзүлгөн келишимде тең укуктуулук принциби каралган. Башкача айтканда, аталган мамлекеттерде эмгектенген жарандарыбыз социалдык камсыздоо жаатында ошол мамлекеттердин жарандарындай эле укуктарга ээ болушат.

 

Ошондой эле аталган келишимдердин долбоорлорунда пенсияларды экспорттоо мүмкүнчүлүгү каралган. Башкача айтканда, жогоруда көрсөтүлгөн мамлекеттерде мыйзамдуу иштеген жана иштеген мезгилинде камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн жарандарыбыз ишмердиги аяктагандан кийин пенсиялык эсептеринде топтолгон суммаларды пенсия түрүндө экспорттоо тууралуу билдире алышат.

 

Мындан сырткары мигранттар пенсия топтоо үчүн паспортундагы 14 сандан турган жеке номерге (ПИН) айлыгынан же тапкан каражатынан которсо болот. Кыргызстандагы орточо айлыктын 8 пайызын, тактап айтканда, 13 483 сомдун 1079 сомун которот. Которгон каражат түштүбү, аны текшерип туруу керек. Которуудан тартып эмгек стажы жүрөт.

 

ДЫЙКАН, ФЕРМЕРЛЕР

Социалдык камсыздандыруу төлөмдөрү жер үлүшүнүн аянтына жана түрүнө жараша камсыздандыруу төгүмдөрүнүн базалык ставкалары боюнча эсептелинип төлөнөт.

 

ЭМГЕК СТАЖЫ ЖОК, КАМСЫЗДАНДЫРУУ ТӨЛӨМДӨРҮН ТӨЛӨБӨГӨНДӨР

Эмгек стажы жок жарандар пенсия ала алышпайт, андай жарандарыбыз Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан курагы боюнча жөлөк пул ала алышат.

 

Pensia 2

МАМЛЕКЕТТИК ЭМЕС ПЕНСИЯЛЫК ФОНД ДЕГЕН ЭМНЕ?

"Кыргызстан" мамлекеттик эмес пенсиялык фонду өлкөбүздө 1994-жылдан бери иш жүргүзүп келе жатат. Аталган фонддун башкы директору Кадырбек Ракымбековичтин айтымында, бүгүнкү күндө бул фонддон 1634 адам пенсия алат. Фонддун эсебине түшкөн каражат Улуттук банк жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын текшерүүсүнөн өтүп турат.

 

Жарандар аталган фонд менен келишим түзүп, эсеп ачып, ага ар ай сайын акча которуу менен пенсия топтой алышат. Минималдык сумма – 500 сом. Мында пенсия топтоонун 3 түрү бар.

1. Ыктыярдуу топтоо системи.

2. "Мурас" балдар пенсиясы.

Балаңызга арнап ай сайын белгиленген сумманы салып турсаңыз, келишимде белгиленген мөөнөттөн кийин балаңыз өз пенсиясын ала берет.

3. Пенсиялык камсыздоо полиси.

Келишимдин мөөнөтү 10-25 жыл. Мөөнөт аяктаган соң узартууга болот. Эгер бул фонддо жеке эсебиңизди ачып, ага белгиленген каражатты ай сайын салып турсаңыз, 10 жылдан кийин жашыңызга карабай пенсия ала баштайсыз. Мисалы, ай сайын 500 сомдон салсаңыз, 10 жылдан кийин ай сайын 2000 сомдун тегерегинде пенсия алып турасыз. Эгер келишим түзгөн жаран кокустан каза тапса, анын пенсиясы жакындарына берилет.