ПАМИР: Дүйнөгө кыргыз таттуусу катары тааныла ала турган “Ширине”

ПАМИР: Дүйнөгө кыргыз таттуусу катары тааныла ала турган “Ширине”

Дүйнөгө кыргыз таттуусу катары тааныла ала турган өзгөчө сапаттарга ээ, азырынча тамак-аш изилдөөчүлөрүнүн назарына түшө элек, Памир кыргыздарынын табылгасы болгон керемет азыкзат "Ширине" деп аталат. Бардык таттуулардын ичинен эң кубаттуусу, жегиликтүүсү жана экосистеманын туундусу катары келип чыккан, өзгөчө түрү болгон бул таттуунун ичине катып жаткан сырлары, касиеттери окумуштуулар тарабынан ачылып, убагы келгенде өндүрүшкө коюуларына эч күмөн жок. Бул Памир кыргыздарынын таттуусун - улуу ачылыш, турмуштук бай тажрыйбасынын жыйынтыгы деп тайманбай эле айтууга болот. Памир кыргыздары анын даамынын жагымдуулугун арттыруунун, жегенге ыңгайлуу абалга алып келүүнүн эң жөнөкөй жолдорун мурдатан эле колдонуп келишкен - сары суу кайнап коюулана баштаганда бир кашык кам каймак салып аралаштыруу жолу менен аны оңой чайнала турган сапатка ээ кылышкан. Ширине ысык таптуу азык болгондуктан, суукчан адамдарга аябай жаккан, кубаттандыруучу, сакайтуучу касиеттерге ээ болгон. Жаңы бышырылган ширинени бала-чака кант, бал ордуна кашык же нан менен илип жеген. Кышында жеген адамдарды сууктан коргогон. Даамы балга жакын болуп, эч кандай жытка ээ болгон эмес.

 

Даярдоо ыкмасы: Анын алгачкы негизин жөнөкөй гана ынак сүт түзөт. Жасалышы, бир караганда абдан эле жөнөкөй көрүнгөнү менен, кылдаттыкты талап кылган жактары да кыйла бар. Ширине ынак сүттү иритки кошуп иритип, быштагын бөлүп алгандан кийинки калган сары сууну кайнатып отуруп жасалат.Түбүнө күйгүзбөй, казанга куюлган сары суунун ондон бири калгыча дыкаттык менен кайнатып отуруп өндүрүп алган.