Элечек тууралуу 10 факты

Элечек тууралуу 10 факты

1. Кыргызстандын ар кайсы аймагында элечекти ороонун өзгөчөлүктөрү болгон.

 

2. Элечек орогон кездеменин ак түсү – эненин символу.

 

3. Элечек аялдын фигурасына оң таасирин берет, б.а. бойду түз кармап жүрүүгө тарбиялайт.

 

4. Элечек көп функциялуу. Илгери көчмөн элибиз зарыл учурда элечекти балага жалаяк, кепин катары, жараатты таңуу үчүн да колдонгон учурлары болгон.

 

5. Сөз болуп жаткан баш кийим жерибиздеги ар кыл идеологияны тутунган инсандардын бардыгынын көңүлүнө төп келет.

 

6. Элечектин кездемесинин узундугу анын ээсинин статусуна жараша болгон. Дөөлөттүү байбиченин элечеги албетте, карапайым зайыптыкынан көлөмдүү келген.

 

7. Элечекти ороо үчүн 12 метрден 40 метрге чейин кездеме кетет.

 

8. Учурда элечекти элдин күнүмдүк жашоосуна сиңирүүгө далалат кылып жаткан дизайнер Айжан Акылбекованын айтымында, элечектин орточо салмагы 800 граммдан 1 килограммга чейин жетет. -Индиядан алынып келинген малмаль аттуу кездеме башка жеңил жакшы отурат,- дейт ал.

 

9. Элечекти ороого узак убакыт талап кылынат. Бир элечекти ороо үчүн кеминде 45 мүнөт кетиши мүмкүн.

 

10. Илгери ар кыл салтанаттар болоордо элечекти мыкты орой билген зайыптарга атайын барып элечек оротушчу экен.