Сыйга татыктуу болуунун 8 жолу

Сыйга татыктуу болуунун 8 жолу

Ар бир адам сый-урматка татыктуу болуп жашоону каалайт. Сый-урматка татыктуу болуунун да жолу ар түрдүү. Бирөө байлыгы, бирөө таланты, дагы бирөө мүнөзү аркылуу сый топтойт. Төмөндө эл алдында сиздин кадырыңызды көтөрө турган кээ бир эрежелерге токтолобуз. Оболу, өзүңдү жакшылап таанып ал. Өзүңдүн жакшы жана жаман сапаттарыңды иликте.

 

1. Сыйласаң сыйлуу болосуң Биринчиден, өзүң башкаларды чын жүрөктөн сыйлооң керек. Сыйлоо деген бул ден-соолукту сурап, салам айтып коюу эле эмес. Сыйлоо башкаларды түшүнө билүүдөн башталат. Бул ар бир адамга бирдей назар таштап, колдоо көрсөтө билүүнү туюндурат. Өзгөнү сыйлоо өзүңдү сыйлоодон башталат. Сенин кимдир бирөөгө көрсөткөн урматыңды ал алсыздык деп кабылдап, аброюңду түшүргүсү келсе, ага сыпайы гана оюңду мыктылап билдиргениң жөн. Анын өзүндөй жооп кайтарууга мүмкүн болуп турса да, өзүңдү кармаганың оң. Андан кийин мындай адамдардан алысыраак болуу керек.

 

2. Өзүңдүн көңүлүңдү бир калыпта көтөрүңкү алып жүрүүгө тырыш Башкалардын ачуусун келтирип, жашоодон түңүлдүрө турган жагдайларда да. Башыңа келген жагдайдын жакшы жагын көрө билип, ошого сүйөнүүгө тырыш. Ошондо айланаңдагылар сага суктанып, сени сыйлай баштайт. Эгер кайсы бир иште сага жоопкерчилик жүктөлсө, аны кекирейип, мактанып аткарбай, кичи пейилдик менен аткар.

 

3. Досторуңа, үй-бүлөңө жана башка жакындарыңа адыл болууну үйрөн Өзүң каалаган адамдарга гана эмес, баарына бирдей чындыкты айта турган мүнөз күтүүнү үйрөн. Адилеттүү, ишенимдүү болуп, бул касиетиңди сактай билсең, чала тааныш адамдар да сенин жакшы сапатыңды айта баштайт. Сыртыңдан айтылган жакшы сөз сенин беделиңди көтөрөт, бирок эч убакта түшүрбөйт.

 

4. Башкаларды артынан жамандаба Жакындарың болобу, башка болобу айта турган сын-пикириң болсо, анын жеке өзүнө айт. Эч качан жакпаган адамды же адамдын жакпаган сапатын башкаларга жарыялап айтпа. Дубалдын да кулагы бар, эртең эле ал адамдын сага түрү өзгөрүп калганын байкайсың. Ошондой эле бирөө сага башка бирөөнү жамандаса ага кошулуп кетпе. Бирөөнүн жеке көз карашына карап, башкага деген карым-катнашыңды өзгөртпө. Биз баарыбыз ар түрдүү мүнөздөгү, ар кандай кемчилиги бар пенделербиз.

 

5. Сөзүң да, өзүң да сыпайы болсун Бирөөнү кемсинтүүдөн жана шылдыңдоодон өзүңдү сакта. Ошону менен катар, сырткы көрүнүшүңө да көңүл бур. Таза, адептүү жана жарашыктуу кийин. Сүйлөгөн сөзүң, сырткы көрүнүшүң жана ички жан дүйнөң бири-бирине жарашып турсун.

 

6. Кең пейил бол, жасалмалыктан кач Сөз жүзүндө башка, иш жүзүндө башка болуп өзүңдү да, өзгөнү да алдаба. Башкалар үлгү алууга тырыша тургандай бол. Кайда болбо кара башыңдын камын эмес, башкалардын көйгөйүн чечүүгө бел байла.

 

7. Кайсы учурда сүйлөө орундуу экенин бил. Ар дайым эле сүйлөөнү эмес, укканды да билүү керек. Сөздү орду келгенде айта бил. Мурда же кечигип айтылган сөз эч кандай мааниге ээ болбогондой эле, аны айткан адам да орунсуз бойдон калат.

 

8. Убадага бек бол, кемчилигиңди көрө бил. Убадаңды аткара албастыгыңды билсең, убада бербе. Сөзүңө шайкеш аракет жаса. Убадасын аткарбаган адамда сый-урмат болбойт. Эгер бирөө катаңды бетиңе айтса, чычалабай моюнуңа ала бил. Кемчилигин моюнуна алган адам бат оңолот.

 

Бейиш гезити, №49