Бешикке карата кандай нерселерди жасабаш керек

Бешикке карата кандай нерселерди жасабаш керек

Бала жатып жүргөн бешик сатылбайт

Атайын балага арналып алынган бешикти колдонгондон кийин кайра сатпаш керек. Кокустан бирөө сурап келсе, аларга сатпай жөн эле "кайра алып келип берет" деген таризде берип коюшкан.

 

Бешикти куру терметпейт

Куру терметилген бешик жамандыктын белгиси дешип, баласыз болуп калат, бала токтобой калат деген ишеним жашаган.

 

Бешикти жабуусуз калтырбайт

Бешиктин бети дайыма жабылып турушу керек. Бешиктеги баланын бетине айдын нуру да төгүлбөшү керек деп айтылып келет.

 

Куру калтырбайт

Ымыркайды алган соң аны куру калтырбай чүкө, бычак, ак пахта, арча салып коет. Бул ырым наристе кайра жатканча бешикти коруп турат деген максатта жасалган.

 

Баланы сол жагынан бөлөбөйт

Баланы бөлөрдө бешиктин оң жагынан бөлөп, кайра оң жагынан чечип алуу зарыл.

 

Бешик сатып аларда соодалашпайт

Бешик сатып алаарда устанын сураганын берет. Өз кезегинде уста да ашыкча акча сурабашы керек.

 

Бешикти аттабайт

Бешик наристе жаткан ыйык буюм катары эсептелгендиктен аны аттап өтүүгө, тепкенге болбойт.

 

Бешикти бут менен терметпейт

Бешикти бут менен терметип, тээп жылдыруу өз чүрпөңдү тепкенге барабар деп эсептелген.

 

Бешикти экөөлөп көтөрбөйт

Табытты көтөргөн сыяктуу деп бешикти эки адам көтөргөн эмес. Ошондой эле аны эки киши бир убакта терметпейт.

 

Бешикти өбөктөбөйт

Бала жаткан бешикке өбөктөп, күч салганга болбойт. Мындан сырткары, кичине балдардын анын үстүнө чыгып ойноосуна да жол бербеш керек.