Кабырга «Таажы»

Кабырга «Таажы»

КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:


Койдун кабыргалары – 1, 2 килограмм (2 бөлүк, ар биринде 7-8 кабыргадан) 
Өсүмдүк майы – 4 аш кашык
Соя соусу – 2 аш кашык
Бал – 1 чай кашык
Пияз – 1 даана
Сельдерей – 3 сабакча
Картошка – 4-5 даана
Сарымсак – 2-3 тишче
Сабиз – 2-3 даана
Көк пияз – каалоого жараша

ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:

  1. Жашылчаларды аарчып жууп, картошкаларды 7-8, сабизди узунунан 4-5 бөлүккө бөлүп туурайбыз. Пияз шакекче түрүндө, ал эми сельдерей жана сарымсак майда тууралат. Эгер сабиздин жаңы чыккандары болсо жууп, аарчып бүтүн кошуп жиберсеңиз болот.
  2. Кабыргаларды жууп, кургатабыз. Соя соусуна бал, туз, мурч кошуп маринад жасап, муну менен кабыргаларды сүртүп туруп 1 саатка тыныктырабыз.
  3. Кабыргалардын асты жагынын араларын (эттүү жагын) 1,5-2 сантиметр кылып кесебиз. Бул «таажы» формасына келтириш үчүн керек. Эми кабыргалардын үстү жагындагы араларын 2,5 сантиметрдей тилип, кабыргалардын башын ачып, эттерин алабыз.
  4. 2 бөлүк кабырганын ортосун бириктирип тигебиз (теменеге жоон ак жипти саптап алып). Эми кабыргалардын эттүү, майлуу жагын ичкери каратып тегерете тургузуп, ортодогу ачыкты да бириктирип тигип коёбуз.
  5. Көмөч казанга май куюп, кабыргалардын башынан кесилип алынган этти, пияз, сельдерей, сабиз, сарымсак, картошканы бир сыйра кууруйбуз. Туз, мурч салууну унутпаңыз.
  6. Электр мешинин табасына «таажы» формасына келген кабыргаларды тигинен жайгаштырабыз. Ортосуна куурулгандарды салып, кабыргалардын ачылган баштарын фольга менен ороп, 180 градуста ысып турган электр мешине салып 1,5 сааттай бышырабыз. Бышканда алып чыгып, үстүн көк пияз менен кооздойбуз.