Кыргызстандагы этникалык кыргыздар пенсия ала алышабы?

Кыргызстандагы этникалык кыргыздар пенсия ала алышабы?

Кыргызстанда жашаган этникалык кыргыздар пенсия алышабы? Бул суроону Жогорку Кеңештин депутаты Ырысбек Атажанов парламенттик жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы Эдил Байсаловго узатты.


"Ар кайсы чет өлкөлөрдөн көчүп келип жатса, эл аралык атайын келишимдер бар. Ага ылайык, жана Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, пенсия алууга укуктуу. Өзүнүн эмгегине салыштырмалуу берилет. Маселени, Ооганстандан келген кыргыздар үчүн минималдуу пенсия чектелип жатат"— деди Байсалов.


Ал эми депутат Атажанов, Өзбекстандан көчүп келген этникалык кыргыздар үчүн пенсия алуу өтө оор болуп жатканын айтып, 2-3 жылдап пенсияга чыга албай жатканын кошумчалады.