Памир: Казан каттама (видео)

Казан каттаманын жасалышы:

 

- Алгач унга татымына жараша туз кошуп, жылымык сууга эле жууруп алабыз;

 

- Камыр тыныгып өзүнө келип калганда кайра бир ийлейбиз;

 

- Андан кийин камырды жука кылып жаябыз;

 

- Жайылган камырды ичке кесип, май менен бетин майлайбыз;

 

- Майланган камырды ороп, кайра өтө жука эмес кылып жайып коебуз;

 

- Казанды жакшы майлап, ага даяр камырды салып, жай отко бышырабыз.

 

Ширинбү Абдулваид кызы