Кыргыз улуттук тамак-аштар (видео,сүрөттөр)

Кыргыз улуттук тамак-аштар (видео,сүрөттөр)

Ар бир элдин ата-бабасынан бери жасап, жеп жүргөн улуттук тамак-ашы бар. Эзелтеден бери кыргыз эли дагы өзүнүн тамак - аш өнөрүн өз алдынча өнүктүрүп келген. Кыргыз эли көбүнчө эт жана сүт азыктары менен тамактанган.

 

Бүткүл улуттук шааң-шөкөттөр, түркүн конок күтүүлөп этсиз, айран-кымызсыз, куурдаксыз өткөн эмес. Сакталган чучук, катылган сур, куурдак, курут, сүзмө, гулазык, ташкордо сыяктуу муздак тамактар колдонулган.

 

Кыргыздын ысык тамактары өсүмдүк азыктарынан, малдын, кайберендин, ил-бээсиндин, уй канаттууларынын этинен жана балыктан жасалат.Ашты кыргыздар кууруп, кайнатып, демдеп, буулап жана оттун табына кактап бышырып келишкен. Аш, той берип же мейман кетүүдөгү тамак берүү салтынын эң бир сыйлуу жери устукан тартуу. Мал союлганда малдын жиликтерин устукандап коноктун санына, жашына карап бөлүштүрүлөт.

 

Kg tamaktar 1 Kg tamaktar 12
Kg tamaktar 3 Kg tamaktar 4
Kg tamaktar 5 Kg tamaktar 6

 

Улуттук сый тамактын эң аземи Бешбармак болуп эсептелет. Ал майда тууралган этке кесме, пияз, шорпо, ар кандай татымдар кошулуп даярдалат. Мындан сырткары быжы, жөргөм, чучук, күлчөтай, кесме, шишкебек жана башка тамактарга өтө бай. Кыргыздардын аш, тойго арналган сый тамактарынын бири боорсок, каттама, куймак болуп эсептелет. Кыргыздын байыртадан бери келе жаткан байыркы суусундугу кымыз - кымызды бээнин сүтүнөн жасайт.бул суусундук да кыргыз ашканасында колдонулат.башкача айтканда ар бир келген конокко кымыз сунулат.бул кыргыздын салтында бар.

 

Kg tamaktar 2 Kg tamaktar 7
Kg tamaktar 8 Kg tamaktar 9
Kg tamaktar 10 Kg tamaktar 13

 

Кыргыз элинин сыйлуу тамактары

Бешбармак, чучук, быжы, жөргөм, олобо, куурдак, курут, эжигей, жуурат, бал каймак, сары май, каймак, кыйыкча, боорсок, жапкан нан, токоч, май токоч, тандыр нан, күлчөтай.

 

Суусундуктары

Кымыз, жарма, чалап, айран, сүзмө, кара ден жана башка көптөгөн түрлөрү бар.

 

-----------------------------------------------------------------