Нанды сактоонун жолдору

Нанды сактоонун жолдору

• Нан көпкө чейин катыбай жумшак турсун десеңиз, нан салгычтын ичине бир кесим алма салып коюңуз.

 

• Эгер нан салгычтын (же нан салынган баштыктын) ичи тердеп кетсе беш-алты даана кант салып коюу керек.

 

• 2-3 күн турган нанды кургатып (сухарь) койгон туура. Ал үчүн нанды кесимдерге бөлүп, майланбаган табакка салып электр мешинде 10-15 мүнөт кармоо абзел.

 

• Кара нан менен ак нанды чогуу сактоого болбойт. Себеби ак нан кара нандын даамын жана жытын өзүнө сиңирип алып, өзүнүн даамын жоготуп коёт.

 

• Жумшак нанды целлофан, ал эми сырткы кыртышы калың нанды кагаз баштыкта сакташ керек. Ошондо нан табигый даамын жоготпойт.

 

• Нанды муздаткычта эмес, бөлмөнүн көлөкө жеринде сактаган оң.

 

• Эч качан нанды ысык кезинде баштыкка же нан салгычка салбаңыз. Анткени нык болуп калат.

 

• Кургап калган нанды жибитем десеңиз, аны касканга салып ысык бууда 2-3 мүнөт кармасаңыз болот.