Илгери өткөн заманда Сарыкол өрөөнүндө Бахбур ата, Тегирмен суу, Канжолу, Көкбел деген жерлерде Мырзабек жана Жумабай аттуу хандыктар өткөн. Аркайган зоолуу Ак таш анын астындагы Ажыдаар көл, Токтомушбектин наамына калган азыркы Токтомуш кыштагы Аксуу дарыясынын жээгине жайгашкан, Жумабай хан менен Мырзабек Токтомушбектин доорунда Хан Тейит элинин хандыгында жыргап куунап жашашкан. Кышында кыштоолоп, жайында жайлоолоп, кымыз ичип кыйкырып, айран ичип айкырып…